ATMeye.iQ

ATMeye.iQ – видео-байкоо жана видео-аналитика системаларын, атайын физикалык таасир аныктагычтары топтомун, скиммингге каршы жана башка перифериялык жабдыктарды колдонгон банкоматтардын коопсуздугун камсыздоо үчүн комплекстүү платформа.

Платформа терминалдарга жакын жерде болуп жаткан бардык окуяларды күнү-түнү алыстан көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн берет. Бул өзүн-өзү тейлөө жабдыктарына байланыштуу алдамчылыктын жана кол салуунун азайышына өбөлгө түзөт, кардарлардын талаш-тартыш жагдайларын чечүүгө жардам берет.

Өнүмдөр картасы

Чечимдин артыкчылыктары

Банкоматтардын коопсуздук деңгээлин жогорулатуу

Терминалдарды физикалык кол салуулардан, алдамчылык операцияларынан коргоо

Өзүн-өзү тейлөө жабдыктарынын ишине проактивдүү мониторинг жүргүзүү

Коопсуздук кызматынын ишин оптималдаштыруу

Терминалдык тармакты колдоо кызматынын ишин оптималдаштыруу

Кардарлар менен талаш-тартыштуу жагдайларын тез арада чечилүүсү

Функционалдык мүмкүнчүлүктөр

Банкоматтардын ишине видеомониторинг жүргүзүү

ATMeye.iQ программалык чечими банкоматтагы жана ага жакын жердеги окуялардын сүрөт жана видео мониторингин реалдуу убакыт режиминде камсыздайт, бул ар бир транзакцияны коштогон окуялардын же өзүн-өзү тейлөө аймагында болгон окуялардын сүрөтүн толугу менен калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Сүрөттөрдү жана видеолорду транзакцияга же башка окуяга байланыштыруу жана ыңгайлуу издөө

Банкоматтын камераларынан алынган бардык сүрөт жана видео материалдар издөөнү жеңилдетүү жана окуя тууралуу отчетту түзүү убактысын кыскартуу үчүн өзүн-өзү тейлөө жабдыгындагы транзакцияга же окуяга автоматтык түрдө байланыштырылат.

Камераларды алыстан тууралоо жана алардын абалын текшерүү

Банкоматтын камерасы сынган, атайылап бузулган же жабылган учурда система коопсуздук кызматкерине сигналдык билдирүү жөнөтөт. Бул учурда, тартуу режими ар бир терминал үчүн алыстан туураланышы мүмкүн.

Терминалдарга физикалык таасир жөнүндө проактивдүү эскертүүлөр

Мындан тышкары, система менен иштеген оператор жабдыктын учурдагы иштөө абалы тууралуу реалдуу убакыт режиминде маалымат алат жана техникалык көйгөйлөр келип чыккан учурда ыкчам жооп бере алат. ATMeye.iQ чечиминин ишинин алкагында өзүн-өзү тейлөө жабдыгында терминалга туура эмес физикалык таасир этүүнү билгизгичтер орнотулушу мүмкүн: сокку, жабдыктын жантаюусу, газ же температура жана башкалар менен ага таасир этүү. Билгизгичтердин иштеп кеткени тууралуу эскертүүлөр банктын жооптуу кызматкерине тез арада келип, мындай учурга ыкчам жооп кайтарууга, кол салууларды алдын алууга мүмкүнчүлүк берет.

Скиммингге каршы жабдыктардан сигнал алуу

Скиммингге каршы чечимдер менен интеграция системанын колдонуучулары үчүн банкоматка башкача тышкы аспапты орнотуу аракети тууралуу маалыматты заматта алууга жана терминалды автоматтык түрдө иштен чыгарууга мүмкүнчүлүк берет.

Банкоматтагы файлдарга алыстан кирүү

Чечим терминалдан сүрөттөрдү жана электрондук журналдарды жүктөп алууга, коопсуз байланыш каналы аркылуу ага керектүү программалык камсыздоолорду, медиа файлдарды жана башка материалдарды жүктөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Банкоматтарды борборлоштурулган башкаруу

Чечим банкоматты же төлөм күркөсүн тейлөө режимине киргизүүгө, ошондой эле аны өчүрүп же өчүрүп-күйгүзүүгө мүмкүндүк берип, өзүн-өзү тейлөө жабдыктарынын иштөө абалын башкаруу үчүн негизги аспаптарды камсыздайт.

Биометрия жана келбетти таануу системасын колдонуу

Банкоматтарга орнотулган портреттик камералар банктын кардарларын жана каржы уюмунун кара тизмесиндеги адамдарды аныктоо процессин ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет. Адамдын жүзүн таануу функциясын тейлөө кызматкерлеринин жана инкассаторлордун авторизациясы үчүн колдонсо болот.

Чечимди сунуштоонун форматы

Өздүк система

Кардар программалык камсыздоо баштыгын жана перифериялык жабдыктардын керектүү топтомунсатып алат. Программалык чечим кардардын инфраструктурасында жайгаштырылат.

Чечимдин ижарасы

Кардар керектүү программалык компоненттерди жана жабдууларды ижара негизинде колдонот. Программалык чечим BS/2 инфраструктурасына жайгаштырылат.

Программалык камсыздоо кызмат катары

Кардар BS/2 компаниясына терминалдык тармактын видеомониторингин жана окуялар боюнча отчетторду түзүүнү аутсорсингге өткөрүп берет.

Бардык программалык чечимдер

Биздин долбоорлор

Сиздин компания үчүн ылайыктуу өнүмдөрдү сунуштайбыз. «Биз менен байланышыңыз» баскычы аркылуу бизге билдирүү жибериңиз.

Кирилл Овсянников

Стратегиялык багыт боюнча директордун орун басары