FCX.iQ

FCX.iQ – бул банкоматтарда валюта алмаштыруу функциясын камсыз кылган программалык чечим. Чечим ар кандай түрдөгү валюталарды рециркуляция функциясы бар банкоматтарда жана накталай акчаларды кабыл алуу жана берүү функциясына ээ көп функциялуу банкоматтарда алмаштырууга мүмкүнчүлүкберет. Система валюта курстарын жана терминалдарда комиссиянын өлчөмүн башкаруу, терминалдык тармактарды башкаруу, колдонуучуларды идентификациялоо, маалыматтарды чогултуу жана өзүн-өзү тейлөө жабдыктарында алмаштыруу операциялары боюнча отчетторду түзүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берет.

FCX.iQ менен ар кандай банк системаларынын интеграциясынан улам валюта курстары жана комиссия өлчөмү банкоматтарда дароо орнотулат. Ошол эле учурда FCX.iQ системасынын оператору бардык тармактык жабдыктардагы алмаштыруу операцияларына алыстан байкоо жүргүзүү жана системанын иштеши боюнча толук статистиканы алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Өнүмдөр картасы

Чечимдин артыкчылыктары

Валюта алмаштыруу функциясын автоматизациялоо

Өзүн-өзү тейлөө жабдыктарынын функционалдуулугун кеңейтүү

Чет өлкө валютасынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу

Алынуучу комиссиянын эсебинен кошумча киреше тартуу

Жаңы кардарларды тартуу

Терминалдык жабдыктар паркына инвестицияларды алып келүү

Функционалдык мүмкүнчүлүктөр

Валюта алмашууну борборлоштурулган башкаруу

FCX.iQ валюта операцияларын жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берген бардык өзүн-өзү тейлөө жабдыктарынын ишин көзөмөлдөөгө, берилген функцияны жандырууга же өчүрүүгө, алмашуу үчүн жеткиликтүү валюта жуптарынын тизмесин түзүүгө, ошондой эле жүргүзүлгөн ар бир операциянын статусу жана жагдайлары тууралуу маалымат чогултууга мүмкүнчүлүк берет.

Валютанын ар кандай түрлөрүн колдонуу

Алмашуу үчүн жеткиликтүү валюталардын саны банкоматтын комплектациясына жараша болот (кассеталардын саны жана алар үчүн конфигурацияланган номиналдар жана валюта түрлөрү). Алмаштыруу үчүн валюта жуптарын системанын оператору ар бир өзүн-өзү тейлөө жабдыгы үчүн да, жалпы бүтүндөй тармак үчүн да орното алат.

Алмаштыруу курсун автоматтык түрдө орнотуу

FCX.iQ чечиминин насыя-каржы уюмдарынын маалыматтык системалары менен интеграциясы алмаштыруу операциялары үчүн валюта курстары боюнча эң актуалдуу маалыматтарды колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Оператордун курсту өзгөртүү боюнча бардык иш-аракеттери электрондук аудитордук журналга жазылат жана жетекчинин тастыктоосун талап кылат, бул кызматкерлердин эрксиз катасынан же кыянаттыгынан алыс болууга жардам берет.

Ийкемдүү алмашуу комиссиясын орнотуу

Чечим бул кызмат тигил же бул тейлөө түйүнүндө канчалык талап кылынгандыгына жараша ар бир автоматташтырылган валюта алмаштыруу түйүнү үчүн өзүнчө комиссия аныктоого мүмкүнчүлүк берет. Бул учурда, комиссия алмаштыруу үчүн салынган суммага жараша айырмаланышы мүмкүн.

Колдонуучуга ыңгайлуу интерфейс

Колдонуучуга ыңгайлуу интерфейс жана интуитивдик жактан түшүнүктүү меню колдонуучуга алмашуу операцияларын мүмкүн болушунча тез жана жардамсыз жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул учурда, колдонуучунун интерфейси уюмдун жана анын кардарларынын муктаждыктарына жараша өзгөртүлүшү мүмкүн.

Комплекстүү аналитика жана отчеттуулук

Бирдиктүү интерфейстин алкагында FCX.iQ оператору өзүн-өзү тейлөө жабдыктарында аткарылган бардык валюта алмаштыруу операциялары боюнча маалыматтарды ала алат жана алардын негизинде ар кандай жумушчу отчетторду түзө алат.

Чечимди сунуштоонун формалары

Өздүк система

Кардар программалык чечимди сатып алат жана аны өзүнүн инфраструктурасына жайгаштырат.

Чечимдин ижарасы

Кардар программалык камсыздоону ижаралык негизде колдонот, ал эми программалык камсыздоонун өзү BS/2 инфраструктурасына жайгаштырылат.

Программалык камсыздоо кызмат катары

Кардар өзүн-өзү тейлөөчү жабдыктардагы валюта алмаштыруу кызматынын жетекчилигин BS/2ге аутсорсингге тапшырат.

Бардык программалык чечимдер

Биздин долбоорлор

Сиздин компания үчүн ылайыктуу өнүмдөрдү сунуштайбыз. «Биз менен байланышыңыз» баскычы аркылуу бизге билдирүү жибериңиз.

Кирилл Овсянников

Стратегиялык багыт боюнча директордун орун басары