Банкоматтардын коопсуздугу

Азыркы учурда өзүн-өзү тейлөө жабдыктарынын коопсуздугу – банк индустриясынын керектүү  стандарты. Жыл өткөн сайын банкоматтарга кол салуулардын саны жана алардан улам келтирилген зыян өсүүдө, кылмышкерлер акчаны, кардарлардын же банктын кызматкерлеринин жеке маалыматтарын уурдоо үчүн барган сайын амалдуу ыкмаларды колдонууда, ошол эле учурда кылмышкерлерди табуу оор болуп баратат. Бир гана скиммингден улам жыл сайын 2 миллиард доллардан ашык  зыян келтирилет, ал эми Европада банкоматтарга жеке кол салуулардан улам жоготуулар жылына 40 миллиард долларга жетет.

Өзүн-өзү тейлөөчү банктык жабдыктардын коопсуздугун тийиштүү деңгээлде камсыздоо үчүн  терминалдарды ар түрдүү кол салуулардан ар тараптуу сактоону камсыздаган комплекстүү чаралар керектүү. Терминал тармактарынын ээлери бул максатта программалык-аппараттык мүмкүнчүлүктөрдүн ар түрдүү айкалышын жана жеке таасирден коргоочу каражаттарды колдонушат.

Банкоматтардын коопсуздугу боюнча биз сунуштаган мүмкүнчүлүктөр бул жааттагы мыкты дүйнөлүк тажрыйбаларды колдонот жана аймактык рыноктордун өзүнчө өзгөчөлүктөрүн эске алат.

Оптималдаштыруу багыттары

Банктык жабдыкты жана банкоматтарда сакталуучу накталай акчаларды камсыздандыруу үчүн чыгымдар

Банктын коопсуздук кызматтарынын ишинин көптүгү

Өзүн-өзү тейлөө жабдыктарына кол салуулардын кесепеттерин жоюуга чыгымдар

Жабдыктар паркынын ишин башкаруучу оператордун ишинин натыйжалуулугу

Банктын каржылык жана абройлук туруктуулугун сактоо

Талаш-тартыш учурларын чечүү процесстерин уюштуруу

Банкоматтарга жеке кол салуулар

Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө банкоматтарга кол салуунун эң көп кездешкен түрү болуп өзүн-өзү тейлөө жабдыктарына жеке жазгыруулар бойдон калууда: бузуу, банкоматты же анын сейфин араалап кесүү, терминалдын өзүн уурдоо ж.б. Мында кылмышкерлер оюндагысын кыла албаса да, кымбат баалуу банктын жабдыгына чоң зыян келтирет, бул анын бир нече күн жана жада калса жума бою иштебей калышына алып келет.

Видео-байкоо платформасын киргизүү банкоматтарга скимминг жабдыктарын орнотууга тоскоолдук кылган антискиммерлер, атайын сенсорлордун топтому (газ, температура, кыймыл датчиги) видеокамералар аркылуу банкоматка жакын жерде жасалган бардык күмөндүү иш-аракеттер тууралуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк берет.

Банкоматтарга логикалык кол салуулар (джекпоттинг ж.б.)

Логикалык кол салууларды жасоо үчүн кылмышкерлер банкоматтын компьютерине терминалдагы накталай акчалардын берилишин баштаган атайын зыян келтирүүчү программалык камсыздоону орнотушат. Бул ПК аралыктан же маалыматтардын тышкы топтоочусу аркылуу орнотулушу мүмкүн, ал дароо бир нече жеке иш-аракеттерден кийин өзүн-өзү тейлөө жабдыгына кошулат.

Логикалык кол салуулардан өзүн-өзү тейлөө жабдыктарын  коргоо үчүн банкоматтын компьютеринде сакталган жана аларга берилүүчү маалыматтарды шифрлөөгө мүмкүнчүлүк берген атайын программалык мүмкүнчүлүктөр, ошондой эле  колдонулат терминалдардагы авторизацияланбаган программалардын жана процесстердин башталышын токтотуучу ПКну колдонушат.

Жеке маалыматтарды уурдоо (скимминг, шимминг, траппинг)

Жеке маалыматтарды уурдоо үчүн кылмышкерлер банкоматтын картридерине, клавиатурасына же диспенсерине коюлуучу атайын жабдыктарды колдонушат: скиммерлер, шиммерлер, карталар жана накталай акчалар үчүн тузактар ж.б. Скиммерлер транзакция учурунда магниттик тилкеден картанын маалыматтарын, шиммерлер – чипте жазылган маалыматтарды окуйт. Уурдалган маалымат картанын дубликатын жасоо үчүн колдонулат.

Терминалдарга байланыштуу алдамчылыктын дагы бир түрү – траппинг. Картридерге атайын тузак илмекти (card-trapping) алдын ала тагуу менен картаны кармап калышат же накталай акчалардын диспенсерине (cash-trapping) мындай тосмону орнотуу менен накталай акчаларды уурдашат.

Өзүн-өзү тейлөөчү банктык жабдыктардын өндүрүүчүлөрү терминалдарды колдонуучулардын карталарынан жеке маалыматтардын уурдалышына тоскоолдук кылуучу атайын жабдыктар (антискиммер ж.б.) менен жабдышат, ошондой эле маалыматтарды аралыктан өткөрүүнүн технологияларын  ишке киргизип, активдүү өнүктүрүшөт. Аутентификация учурунда коопсуздуктун кошумча чараларын атайын программалык мүмкүнчүлүктөр, анын ичинде видео-байкоонун комплекстүү системасы камсыздайт.

Биздин артыкчылыктар

Өзүн-өзү тейлөө жабдыктары паркынын коопсуздугун камсыздоо үчүн чыгымдардын азайышы

Банкоматтарга кол салуулардын кесепетин жоюуга чыгымдардын азайышы

Абройлук жоготууларды алдын алуу

Коопсуздук кызматынын ишин жана талаш-тартыш учурларды чечүү процессин жеңилдетүү

Банкоматтар паркын башкарууну оптимизациялоо

Тектеш продуктылар

Биздин долбоорлор