QR-Pay жардамы менен банкоматтан картасыз накталай каражаттарды алуу

Бүгүнкү күндө колдонуучулардын көбү үчүн банкты тандоодо анын кызматтарын пайдалануунун ыңгайлуулугу негизги фактор болуп саналат. Кардардын лоялдуулугу үчүн күрөшүүдө каржы мекемелери кардарлары үчүн операцияларды жеңилирээк жана тезирээк кылууга мүмкүнчүлүк берген технологияларды ишке киригизип, колдонушат.

Ошол эле учурда, COVID-19 пандемиясы акыркы жылдардын санариптик банкингинин эң белгилүү тренддеринин бири – банктык уюлдук тиркемелердин өнүгүүсүн абдан тездетти. App Annie маалыматтарына ылайык, адамдар 2020-жылы каржы уюмдарынын тиркемелеринде орточо 45% көбүрөөк убакытты өткөрүп калышкан. Банктар санариптик жана уюлдук банкинг үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү сунуштоо менен кардарлардын санын көбөйтүп, аларды сактап калуу менен, тиркемелеринин ыңгайлуулугун жана ишин жигердүү өнүктүрүп келишет. Уюлдук тиркеме аркылуу банктар тарабынан сунушталган мындай сервистердин бири QR-код боюнча кызматтарды сунуштоо болду.

QR-Pay деген эмне?

QR-Pay – банктык уюлдук тиркеменин колдонуучуларына картаны колдонбостон банкоматтан накталай акча алууга мүмкүнчүлүк берген ыкма.

Кызматты колдонуу үчүн колдонуучу банкоматка чыгарылган QR-кодду банктын уюлдук тиркемеси аркылуу сканерлейт. Андан кийин тиркемеде операциянын суммасын жана валютасын, ошондой эле ага керектүү купюра номиналын тандайт. Колдонуучу бул маалыматтарды тиркемеде тастыктагандан кийин банкомат бир  жолку сыр сөздү түзөт, аны колдонуучу өзүнүн уюлдук телефонундагы тиркемеге жазат – андан кийин банкомат керектүү сумманы чыгарып  берет.

Бул сценарий эң көп кездешкен, бирок жалгыз  ыкма эмес, жана банктын каалоосуна ылайык өзгөрүшү мүмкүн.

QR-Pay процессинг борборунун кийлигишүүсү болбостон QR-код менен банкомат аркылуу накталай акча алуу функциясын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет. Мында QR-коддогу, банкоматта түзүлгөн маалыматтар шифрленет жана QR-коддорду сканерлөөчү  башка тиркеме менен окулбайт.

QR-Pay маанилүү артыкчылыгы – анын иштөөсү үчүн кошумча жабдыктарды орнотуу керектелбейт (QR-коддордун сканери жана башка перифериялык жабдыктар). Мындан сырткары, QR-Pay  акчаны банкоматтан картаны киргизбестен алууга мүмкүнчүлүк берет, дайыма жанына картаны алып жүрүү,  PIN-кодду эстеп жүрүү ж.б. зарылчылыгынан куткарат.

Банкоматтардын иштөө мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн Payments.iQ

QR-Pay өзүн-өзү тейлөөчү банктык жабдыктарды башкаруу  мүмкүнчүлүгүн камсыздаган Payments.iQ программалык платформасы аркылуу банкоматтарда жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Payments.iQ – банкоматтар жана башка өзүн-өзү тейлөөчү банктык терминалдар аркылуу электрондук товарлардын жана кызматтардын каалагандай түрүн сатууну жана  төлөмдөрдү кабыл алууну уюштуруу үчүн жарым функционалдуу программалык чечим.

Payments.iQ  жардамы менен QR-код боюнча накталай акчаларды алуу функциясын банкоматта жүзөгө ашыруу узак жана кымбат баалуу интеграциялык жумуштарды талап кылбайт жана кыска убакытта ишке ашырылышы мүмкүн. Чындыгында бул даяр куту сымал чечим каржы мекемесинин белгилүү бир милдеттерине жеңил ылайыкталышы мүмкүн. Мында Payments.iQ ыңгайлуулугунан улам банктык уюлдук тиркемелердин колдонуучулары үчүн накталай каражат алуунун ар түрдүү сценарийи гана эмес, QR-кодду колдонуу менен да, колдонбостон да башка кызматтарды ишке ашырууга болот.

  • накталай акчаны депонирлөө (эсепке которуу)
  • акча которуулар
  • электрондук товарлардын жана кызматтардын каалаган түрү үчүн төлөө
  • алымдарды, айыппулдарды  жана салыктарды төлөө.

Payments.iQ программалык платформасы ошондой эле операцияларды эсепке алууну жүргүзүү, отчеттук иш кагаздарды жүргүзүү, чекене банктык ишмердүүлүктү автоматизациялоо жана банктык өзүн-өзү тейлөө  жабдыктарынын тармагын башкаруу үчүн аспаптардын топтому болуп эсептелет.

Артыкчылыктар

Кардарларды тейлөө убактысын кыскартуу

Накталай акча берүү процессин жеңилдетүү

Банктык уюлдук тиркеменин баалуулуктарын арттыруу

Жабдыкка тийбестен операция жүргүзүү (COVID-19 жогорку деңгээли аныкталган өлкөлөр үчүн актуалдуу)

Кардарлардын лоялдуулугунун артышы

Көп деңгээлдүү аутентификациядан улам операциялардын коопсуздугунун жогорку деңгээли

Тектеш продуктылар

Биздин долбоорлор