Каржы сектору үчүн биометрикалык технологиялар

Биометрикалык технологиянын популярдуулугу жыл сайын дүйнө жүзү боюнча өсүп жатат. Аналитиктердин божомолуна ылайык, дүйнөлүк биометрикалык системалар рыногу 2025-жылы 2 359,7 миллион доллардан 15 145,5 миллион долларга чейин көтөрүлөт. Өкмөттүк жана каржы секторунда, коргонууда, саламаттык сактоодо жана ритейлде биометрика эң көп талап кылынат. Ошол эле учурда, FindBiometrics агенттигинин божомолу боюнча, жакынкы жылдарда биометрикалык системалар рыногу эң көп коммерциялык жаатта өнүгөт.

Бир нече жыл мурун жаңы кардарларды тартуу үчүн банктар аларга арзаныраак өнүмдөрдү жана кызматтарды сунуштаса жетиштүү болчу. Бүгүнкү күндө кырдаал тез өзгөрүүдө, колдонуучулар ыңгайлуулукту жана ишенимдүүлүктү тандашат. Кардарларга багытталуу концепциясын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон маанилүү куралдардын бири – салттуу бөлүмдөрдө дагы, аралыктан тейлөө каналдары аркылуу дагы каржылык операциялардын коопсуздугунун тиешелүү деңгээлин гана камсыз кылбастан, кардарларды тейлөө процессин тездетүүгө мүмкүнчүлүк берген биометрикалык технологиялар болуп баратат.

Каржы тармагында колдонулган биометрикалык маалыматтардын эң кеңири таралган түрлөрүнө бет сүрөтү, манжа издери, кол геометриясы жана көздүн карек айланасындагы челинин сүрөтү кирет. Өзүн-өзү тейлөө жабдыктарында жана банктын бөлүмдөрүндө каржылык кызматтарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылууда, ошондой эле банктык уячаларды ачууну камсыз кылуу үчүн бул маалыматтар онлайн-банкингде кардарларды аныктоо үчүн колдонулушу мүмкүн. Банк тармагында PIN-кодду колдонуу менен эки факторлуу аутентификация же же маалыматтын коопсуздугун жана ага жетүүнү көзөмөлдөөнүн эң жогорку деңгээлин камсыз кылган биометрич жана бир жолку сыр сөз эң популярдуу болуп эсептелет.

Оптималдаштыруу багыттары

Маалыматтык коопсуздук

Тейлөө процесстерин оптималдаштыруу

Кардарларды тейлөөнүн сапатын жогорулатуу

Жеке маалыматтарга коопсуз жетүү

Verizon берген маалыматтарга ылайык, 2017-жылы дүйнө жүзү боюнча маалыматтар чыгып кеткен 81% учур уурдалган же жөнөкөй сырсөздөрдү кошкондо каттоо эсебин туура эмес колдонуудан улам келип чыккан. Мындай чыгып кетүүлөрдүн саны жана ага байланыштуу чыгымдар жылдан жылга өсүп жатат. Банктар кардарлардын маалыматтарын кантип коопсуз сактоо жана аларга мыйзамсыз жетүү менен байланышкан жоготууларды алдын алуу тууралуу ойлонууга аргасыз болушат.

Колдонуучунун аутентификациясынын эң ишенимдүү каражаттарынын бири биометрия болуп саналат. Биометрикалык маалыматтарды колдонуучунун кабары болмоюнча бурмалоого, уурдоого жана башка жол менен пайдаланууга болбойт. Өзүн-өзү тейлөө жабдыктарында аутентификация үчүн биометрикалык маалыматтарды колдонуу операция жүргүзүлүп жатканда жогорку деңгээлдеги коопсуздукту камсыз кылат, колдонуучуларды төлөм каражаттарын алып жүрүү, картанын сырсөзүн же PIN-кодду эстеп калуу ж.б. зарылчылыгынан куткарат, операция жүргүзүү убактысын кыскартат.

Корпоративдик маалыматтарды жана системаларды коргоо

Ички алдамчылык жана кызматкерлердин эсептери аркылуу маалыматтарга уруксатсыз ээ болуу маселеси дүйнө жүзү боюнча каржы уюмдары үчүн курч маселе бойдон калууда. Банктар ички маалымат инфраструктурасын коргоого жөндөмдүү чечимдерди издөө жолунда жана барган сайын биометрикалык технологияны тандап жатышат. Бүгүнкү күндө банк секторундагы бардык биометрикалык системалардын 30%га жакыны корпоративдик максаттарда колдонулат.

Кызматкерлерди авторизациялоо үчүн биометрикалык технологияларды колдонуу маалыматтардын коопсуздугунун жана купуя маалыматка жеткиликтүүлүктүн зарыл деңгээлин камсыздайт, ошондой эле каржы мекемелеринин кызматкерлеринин ишин көзөмөлдөөгө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берет.

KYC саясатын аткаруу

Бүгүнкү күндө КҮС саясатын сактоо (англ. Know your customer — «Кардарыңызды билиңиз») бир катар өлкөлөрдө каржы ишмердүүлүгүн жүргүзүүнүн шарттарынын жана жөнгө салгычтын талаптарынын бири болуп саналат, анткени бул арам акчаны адалдоого, терроризмди каржылоого жана салык төлөөдөн качууга жол бербейт.

Биометрикалык маалыматтарды колдонуу менен колдонуучулардын верификациясын жана аутентификациясын камсыз кылган атайын программалык чечимдерди колдонуу KYC талаптарын сактоого гана мүмкүнчүлүк бербестен, каржылык операцияларды жүргүзүүнүн жогорку деңгээлдеги коопсуздугун камсыз кылат.

Артыкчылыктар

Колдонуучунун коопсуз авторизациясы жана аутентификациясы

Маалыматтарга жеткиликтүүлүктү көзөмөлдөө

Кызматкерлердин аракеттерин көзөмөлдөө

Тектеш продуктылар