Өзүн-өзү тейлөө жабдыктарын трансформациялоо

Бүгүнкү күндө көптөгөн кардарлар банктык операцияларды өз алдынча жүргүзүүнү каалашат, ошондуктан банкоматтар, төлөм күркөлөрү жана башка өзүн-өзү тейлөө жабдыктары кардар менен банктын ортосундагы негизги, кээде бир гана физикалык байланыш түйүнү бойдон калууда. Бул өз ара аракеттенүү канчалык ийгиликтүү болоору банкоматта көрсөтүлгөн функциялардын жыйындысынан, ошондой эле терминалды колдонуу канчалык ыңгайлуу экендигинен көз каранды.

Биз эмнелерди сунуштайбыз

Өзүн-өзү тейлөө жабдыктарына кошумча функцияларды киргизүү.

Кошумча функцияларды киргизүү (мисалы, төлөмдөрдү кабыл алуу, эсепти толуктоо же валютаны алмаштыруу) терминалдык жабдыктарды банктын кардарларын толук кандуу автоматташтырылган тейлөө түйүндөрүнө айлантат.

QR-код аркылуу авторизацияны ишке ашыруу.

Кардардын терминалында же уюлдук жабдыгында статикалык же динамикалык QR-кодду окуу аркылуу операцияларды баштоо жана тастыктоо (накталай акча алуу, төлөмдөрдү жүргүзүү ж.б.) колдонуучуларды тейлөөнү тездетүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Контаксыз авторизацияны киргизүү (NFC технологиялары).

Өзүн-өзү тейлөө жабдыктарында операцияларды жүргүзүүдө контактсыз авторизация үчүн NFC-технологиясын колдонуу колдонуучулардын убактысын үнөмдөп, төлөө ыкмаларын тандоо үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Биометрикалык технологияларды киргизүү.

Биометрикалык авторизация колдонуучунун төлөм терминалынын функцияларына кирүүсүн тастыктаган негизги жана кошумча фактор болушу мүмкүн. Ал жогорку тактык менен колдонуучуну текшерүүнү жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк берет, аутентификация маалыматтарынын үчүнчү жактарга өткөрүлүүсүнө жол бербейт, банкоматты колдонууну жөнөкөй жана ыңгайлуу кылат.

Ар кандай алгоритмдерге ылайык жарнамаларды көрсөтүү мүмкүнчүлүгү

Товарларды жана кызматтарды жайылтуу үчүн каржы уюмунун же чекене бизнес ишканасынын кардар менен өз ара аракеттенүү түйүнүнө өзүн-өзү тейлөө жабдыгын трансформациялоо жалпыланган жана жекелештирилген жарнама кампанияларын ишке ашыруу аркылуу кардарлардын лоялдуулугун бекемдейт.

Сценарийлерди жана иштөө интерфейсин иштеп чыгуу жана даярдоо

Колдонуучунун өзүн-өзү тейлөө жабдыгы менен өз ара аракеттенүүсүнүн жаңы сценарийлерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу терминалды колдонуунун ыңгайлуулугун жана операцияларды жүргүзүүнүн ылдамдыгын жогорулатат, ошондой эле колдонуучунун тажрыйбасын санариптик тейлөө каналдарынын стандарттарына жакындатат.

Өзгөчө муктаждыктары бар адамдар үчүн жабдыктарды ылайыкташтыруу

Өзүн-өзү тейлөө жабдыктарын көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн ылайыкташтырууга болот: бул үчүн атайын контрасттык экрандарды камсыз кылган жана терминалда жасалган иш-аракеттерди үн менен айтып турууга мүмкүнчүлүк берген терминалдардын иштөө сценарийлери киргизилет. Кызматтын бул түрүнө коляскада жүргөн адамдар үчүн кошумча пандустарды жана башка курулуштарды орнотуу кирет.

Кошумча перифериялык жабдыктарды орнотуу

Өзүн-өзү тейлөө жабдыктарынын функционалдуулугун кеңейтүү, пайдалануунун ыңгайлуулугун жана коопсуздугун жогорулатуу үчүн кошумча перифериялык жабдууларды (тыйындар үчүн топтогучтар, дезинфекторлор, интерактивдүү маалыматтык экрандар, коргоочу калканчылар жана жапкычтар, терминалдарды физикалык кол салуудан коргоочу каражаттар ж.б.) орнотуу жүргүзүлүшү мүмкүн.

Жабдыктын корпусун бренддөө

Кардардын талаптарына ылайык терминалдын корпусунун дизайнын иштеп чыгуу жана жасалгалоо өзүн-өзү тейлөө жабдыктарына буйрутма бергенде да (заводдук чогултуу баскычында) жана аларды иштетүү учурунда да аткарылышы мүмкүн.

Өзүн-өзү тейлөө жабдыктарына кошумча функцияларды киргизүү.
QR-код аркылуу авторизацияны ишке ашыруу.
Контаксыз авторизацияны киргизүү (NFC технологиялары).
Биометрикалык технологияларды киргизүү.
Ар кандай алгоритмдерге ылайык жарнамаларды көрсөтүү мүмкүнчүлүгү
Сценарийлерди жана иштөө интерфейсин иштеп чыгуу жана даярдоо
Өзгөчө муктаждыктары бар адамдар үчүн жабдыктарды ылайыкташтыруу
Кошумча перифериялык жабдыктарды орнотуу
Жабдыктын корпусун бренддөө

Эмне себептен BS/2?

Өзүн-өзү тейлөө каналы жана жабдуулардын ишин камсыз кылууга байланышкан административдик жана операциялык чыгымдарды азайтуу.

Адистерди даярдоого жана сертификациялоого чыгымдардын жоктугу.

Инфраструктурага ээлик кылуунун жалпы наркын азайтуу.

Узак мөөнөттүү келечекте чыгымдардын жана инвестициялардын ачык-айкындуулугу жана божомолдуулугу.

Иштелип жаткан маалыматтардын көлөмүн азайтуу.

Өзүн-өзү тейлөө каналынын негизги операциялык көрсөткүчтөрүнүн өсүшү.

Тармактык стандарттарга жооп берген заманбап технологияларды колдонуу.

Уюмдун профилдик ишине ресурстарды топтоо.

Биздин кызматтар

Биз банктардын жана каржы секторунун башка уюмдарынын терминалдык инфраструктурасына кам көрөбүз.

Сыйлыктар

BS/2 программалык өнүмдөрү дүйнөлүк деңгээлде таанылып, бир катар эл аралык сыйлыктарга ээ болгон.

BS/2  компаниясы дүйнө боюнча банктык өзүн-өзү тейлөө индустриясын тааныткан алдыңкы коммерциялык эмес соода уюму болуп эсептелген ATMIA эл аралык ассоциациясына кирет.

Сертификаттар

BS/2 компаниясы жыл сайын ITIL V3, ISO-20000 жана ISO-27001 стандарттарына жооп берүү боюнча сертификациядан өтөт.

Best Performance 2022/2023
Banking Strategic Win 2021/2022
Best Penetration Deal on Competitor Account 2021/2022
Special Achievement Banking 2019
Metų paslauga 2018
Innovation SPIRIT Banking 2018
Product of the Year 2017
Special Achievement Banking 2017
Best Banking Solution 2016
Inovacijų prizas 2016
Special Achievement Banking 2013/2014
Best Service Banking 2013/2014