Бакуда Ичеришехер комплексинин меймандары үчүн билеттерди сатуу системасын автоматизациялоо

Кардар

Ичеришехер тарыхый-архитектуралык коругу – Бакунун (Азербайжан) негизги кызыктуу жерлеринин бири. Тарыхый комплекс биздин убакытка чейин сакталып калган өзүнө  көптөгөн архитектура эстеликтерди камтыйт: мечиттер, мунаралар, чиркөөлөр, аянттар ж.б. Анын аянты 221 миң ч.м. Ичеришехер ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурас тизмесине кирет. Жыл  сайын корукка дүйнөнүн ар тарабынан он миңдеген туристтер келип турат.

Ишке ашырылган мүмкүнчүлүк

Ичеришехер маданий-тарыхый комплексинин ар башка бөлүктөрүндө орнотулган төлөм күркөлөрүндө билеттер үчүн тез, ыңгайлуу жана коопсуз төлөө үчүн Payments.iQ программалык камсыздоосу орнотулган. Ал бардык бул өзүн-өзү тейлөө  жабдыктарын бир тармакка бириктирүүгө мүмкүнчүлүк берген.

Билеттерди сатуунун автоматизацияланган системасы катары  Payments.iQ платформасын колдонуу туристтердин өзүнө бара турчу жерлерди (музейлер, серептик аянтчалар ж.б.), билеттердин түрүн жана санын тандоо, ошондой эле аларды ошол жерден төлөр чыгаруу мүмкүнчүлүгүн  берди.

Жүктөө

Бизнес үчүн пайда

Комплекстин меймандарын тейлөө убактысын кыскартуу

Кызматкерлердин жумушун оптимизациялоо

Комплекске келген меймандар боюнча анык статистиканы алуу

Билеттерди сатып алуунун жеткиликтүүлүгү жана коопсуздугу артат

Долбоордун чоо-жайын алыңыз

BS/2 материалдарына кызыгууңуз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Биздин тажрыйба жана билимдер менен бөлүшүүдөн кубанычта болобуз. Сураныч, файлды жүктөө үчүн форманы толтуруңуз.

Бул мазмун бөлүгүнө кызыгууңуз үчүн рахмат! Шилтеме сиздин электрондук почта дарегиңизге жөнөтүлдү.