Өзбекстандын каржы рыногунда транзакциялардын багытын аныктоого жана POS-терминалдардын тармактарын жетектөөгө жаңы ыкма

Кардар

Өбекстандын Бирдиктүү жалпы республикалык процессинг борбору (БЖРПБ) – өлкөнүн банктарын жана эл аралык төлөм системаларын бириктирүү менен ортомчулук милдетти аткарган банктар аралык процессинг борбору. БЖРПБ Uzcard улуттук төлөм системасынын оператору  болуп эсептелет жана бул системанын 17 миллиондон ашык пластик карталарын тейлейт, Өзбекстандын 30 банкына жана бир катар төлөм системаларына кызмат көрсөтөт (PayMe, Click, Uzpaynet ж.б.). Бүгүнкү күндө Uzcard картасын колдонуучулар 250 000 POS-терминал аркылуу товарлардын жана кызматтардын акысын төлөй алат, ошондой эле тейлөө 6800 ашык банкоматта жана инфокүркөлөрдө жүзөгө ашырылат.

2017-жылдан тартып компания Өзбекстанда Mastercard эл аралык төлөм системасынын эквайрингин ишке ашырат.

Ишке ашырылган мүмкүнчүлүк

POS-терминалдардын тармагын башкаруу жана БЖРПБ инфраструктурасына транзакциялардын багытын аныктоо үчүн TransLink.iQ программалык камсыздоо ишке киргизилген. TransLink.iQ ишинин алкагында POS-терминалдардын функцияларынын негизги топтомуна мерчанттарда орнотулган төлөм терминалдарында Uzcard төлөм системасынын карталары үчүн pin-кодду  коюу жана алмаштыруу мүмкүнчүлүгү, аралыктан төлөө (техникалык мүмкүнчүлүктөр каралган терминалдарда) жана башка айрым функциялар кошулган.

Ошондой эле, POS-терминалдарда карталар менен да, накталай акчалар менен да иштеген транзакцияларды фискализациялоо менен көзөмөл-кассалык машиналар (ККМ) катары аларды колдонуу мүмкүнчүлүгү ишке ашырылган.

Мындан сырткары, ТransLink.iQ мүмкүнчүлүгүнүн алкагында Visa, Mastercard, «Мир» ж.б. эл аралык жана улуттук төлөм системаларынын карталарын колдоо ишке ашырылды.

Жүктөө

Бизнес үчүн пайда

Жабдыктардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана эквайрингдик инфраструктураны өнүктүрүү

Иш процесстерин оптимизациялоо жана чыгымдарды азайтуу

Эквайрингдик тармактын кирешелүүлүгүн арттыруу

Комплекстүү мониторинг жана талдоо аспаптары (аналитикалык отчеттуулук)

Системанын ыкчам калыбына келүүсүн жана чоң көлөмдөгү маалыматтарды иштеп чыгууда системанын жогорку деңгээлде жеткиликтүү болушун камсыздоо

Коопсуздуктун керектүү деңгээлин камсыздоодо иш процесстерин автоматизациялоо

Долбоордун чоо-жайын алыңыз

BS/2 материалдарына кызыгууңуз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Биздин тажрыйба жана билимдер менен бөлүшүүдөн кубанычта болобуз. Сураныч, файлды жүктөө үчүн форманы толтуруңуз.

Бул мазмун бөлүгүнө кызыгууңуз үчүн рахмат! Шилтеме сиздин электрондук почта дарегиңизге жөнөтүлдү.