Маалымат чогултуу терминалдары

Datalogic уюлдук маалымат чогултуу терминалдары чекене соодада, өндүрүштө, транспорттук жана логистикалык тармактарда, ошондой эле саламаттыкты сактоодо иш процесстеринин жана операциялардын натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатууга жардам берет.

Datalogic маалымат чогултуу терминалдарынын тилкеси кубаттуу стационардык компьютерлердин ишенимдүүлүгү менен смартфондордун мобилдүүлүгүн айкалыштырган жабдыктардын кеңири алкагын камтыйт, бул жогорку натыйжалуулукту, соода тармагынын стандарттарына жооп берүү кепилдигин берет, соода уюмунун кардарлары үчүн мыкты кызмат көрсөтүүнү камсыздайт.

Жабдыктар

Memor 20 –смартфондор үчүн жаңы технологияларды колдонгон өзүнүн классындагы мыкты уюлдук компьютер. Жогорку ишенимдүүлүгү жана өтө бышыктыгы менен айырмаланат жана имараттын ичинде да, ачык абада да иштөөдө 1D- жана 2D-сканерлөөнүн жогорку өндүрүмдүүлүгүн камсыздайт.

  • Сенсордук экран 5,7″ (18:7), FHD форматы, чыңалган айнек
  • Smart Dock функциясы
  • Уруксатсыз пайдалануудан коргоо

Memor K – Android базасындагы чакан жана күчтүү уюлдук компьютер, маалыматтарды чогултуу боюнча бардык тиркемелердин ишин колдойт (инвентаризация, көмөкчү сатуу, товарды кампага кабыл алуу ж.б.). Күчтүү процессор жана чоң көлөмдөгү эс-тутум жогорку өндүрүмдүүлүктү, ал эми ыңгайлуу интерфейс жана жарык болуп турган клавиатура - маалыматты тез киргизүүнү жана издөөнү камсыз кылат.

  • Экран 4″
  • Жарыктандырылган клавиатура
  • Сыйымдуулугу 3800 мАч  алмаштырыоа турган аккумулятор
  • IP54  коргоо классы (соккуга туруктуу корпус)

Skorpio X4 уюлдук компьютери диагоналы 3.2" болгон, өзүнүн классындагы эң чоң жакшы окулуучу түстүү сенсордук дисплей менен жана иштин жогорку ылдамдыгын камсыз кылган көп ядролуу процессор менен жабдылган.

  • 3.2″ дисплейи
  • Клавиатураны тандоо: 50, 38 же 28 баскыч
  • Wi-Fi жана  Bluetooth 4.0 аркылуу кошулат
  • IP64 коргоо классы (соккуга туруктуу корпус)
Биз суроолоруңузга чын дилибизден кубаныч менен жооп берүүгө даярбыз. Өкүлдөрүбүздүн бирине билдирүү калтырып коюңуз, биз Сиз менен тез арада байланышабыз.

Эмиль Мусаев

Чекене соода үчүн жабдыктарды сатуу бөлүмүнүн башчысы

Биздин долбоорлор