Накталай акчаны жүгүртүүнү башкаруу

Терминалдык тармактын ээсинин милдеттеринин бири – накталай акча берилүүчү бардык түйүндөрдө: банкоматтарда, бөлүмдөрдө, акча сактоочу жайларда акчалардын жетиштүү болушун камсыздоо. Бул бир катар чыгымдар менен коштолот: накталай каражаттарды тартуу, аларды камсыздандыруу, акча каражаттарын кабыл алуу-берүү түйүндөрүнүн инкассациясы ж.б. Ар бир каржы уюму бул чыгымдарды азайтууга аракет кылат.

Накталай акча жүгүртүүнү натыйжалуу башкаруу накталай акчаларды кабыл алуу-берүү түйүндөрү үчүн керектүү акчалай массанын жалпы көлөмүн, мындан улам накталай акчаларды тартууга, камсыздандырууга, сактоого, ташып жеткирүүгө жана иштеп чыгууга чыгымдарды кыскартууга мүмкүнчүлүк берет.

Тажрыйбага ылайык, НАЖ башкарууда эң жогорку натыйжалуулукка акча каражаттарын кабыл алуу-берүү түйүндөрүндө накталай акчалардын агымын болжолдоого, инкассацияларды пландоого жана өзүн-өзү тейлөө жабдыктарынын паркынын ишин жүргүзүү үчүн башка чыгымдарды көзөмөлдөөгө, ошондой эле бир катар иштиктүү жана бизнес процесстерди автоматизациялоого мүмкүнчүлүк берген атайын ПК колдонуу менен жетүүгө болот, ал өз учурунда НАЖ башкарууну уюштурууга чыгымдарды азайтат.

Оптималдаштыруу багыттары

Өзүн-өзү тейлөө жабдыктарын накталай акчалар менен камсыздоого чыгымдар

Инкассацияга чыгымдар

Өзүн-өзү тейлөө жабдыктары паркынын ишин жүргүзүүгө чыгымдар

Иш процесстерин автоматизациялоо

Иш жүктөмүн пландоо жана бөлүштүрүү

Инкассацияга тапшырыктарды аткарууга көзөмөл

Иш кагаздарын жүргүзүүнү автоматизациялоо

Ар бир объект үчүн накталай акча калдыгына мониторинг

Инкассациялардын санын азайтуу

Өзүн-өзү тейлөө жабдыктарынын жана бөлүмдөрдүн инкассациясы банктын операциялык чыгымдарынын олуттуу бөлүгү болуп саналат. Мындай чыгымдарды азайтуу үчүн терминалдык тармактардын  ээси төмөнкү чараларды колдонушат.

  • сертификациялуу жеткирүүчүгө аутсорсингге инкассация кызматтарын өткөрүп берүү.
  • накталай акчалардын рециркуляциясы функциясына ээ терминалдарды орнотуу.
  • кабыл алуу-берүү түйүндөрүндө накталайлардын калыктарына, накталай акчалардын агымы боюнча божомолдорго мониторинг жүргүзүү жана инкассацияларды пландоо үчүн атайын ПК колдонуу.

Атайын АК аркылуу инкассацияларды пландоо ар бир объектти толуктоо үчүн кабыл алуу-берүү түйүндөрүнүн накталай акчаларга болгон муктаждыгын божомолдоого, банкноталардын жана тыйындардын (валюта жана номинал) оптималдуу санын аныктоого мүмкүнчүлүк берет, натыйжада орточо эсеп менен 2-3 жолу инкассация кызматтарынын чыгуусун азайтат.

Жүгүртүмдөгү акчалай массанын азайышы

Терминалдык тармактардын ээсинин чыгымдарынын дагы бир чоң беренеси болуп накталай каражаттарды кабыл алуу-берүү түйүндөрүн толуктоо үчүн керектүү акча каражаттарын фонддоо эсептелет.

Эрежеге ылайык, фонддоо үчүн чыгымдар инкассациялардын санын азайтууда  көбөйөт, анткени банктык түзүмдүн объекттерин накталай акча менен толуктоо үчүн тартылуучу акчалай массанын саны артат. Мында инкассациялардын саны арткан сайын фонддоо үчүн чыгымдар  азаят, ошентсе да, мындай учурда инкассациянын өзүнө  гана чыгымдар өсөт. Терминалдык тармактын ээсинин милдети – өзүн-өзү тейлөө жабдыктарын камсыздоого уюмдун жалпы чыгымдары накталай түрдө аз болгудай кылып инкассацияларды пландоо.

Накталай каражаттардын агымдарын божомолдоо жана банктык инфраструктура объекттерин толуктоону пландоо боюнча комплекстүү чаралар жүгүртүмдөгү акчалай массанын көлөмүн 30-40% азайтууга жөндөмдүү. Бул банкка накталай каражаттарды тартууга чыгымдарды, банкнота жана тыйындар логистикасын камсыздоого жалпы жүктөмдү кыйла азайтууга мүмкүнчүлүк берет.

Накталай каражаттардын жеткиликтүүлүгүн арттыруу

Көбүнчө терминалдык тармактардын ээлери накталай каражаттардын жетишсиздигинен улам өзүн-өзү тейлөө жабдыктарынын иштебей катып алуу көйгөйүнө дуушар болушат. Эрежеге ылайык, мындай көйгөйдүн себеби – инкассацияны тийиштүү түрдө пландабоо. Өзүн-өзү тейлөө жабдыктарынын мониторинги үчүн колдонулуучу каражаттар терминалдык тармактын ээсине накталай каражаттардын калдыктары боюнча чыныгы көрүнүштү байкоого, мындан улам өзүн-өзү тейлөө жабдыктарын накталай каражаттар менен толуктап, инкассациясын өз убагында жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бербейт.

Терминалдык парктын ээсинин милдети – накталай каражаттардын жетишсиздигинен улам өзүн-өзү тейлөө жабдыктарынын иштебей катып  калуу убактысын кыскартуу. Атайын ПК реалдуу убакыт режиминде накталай акчаларды кабыл алуу-берүү түйүндөрүндө акчалай калдыктарына мониторингди камсыздайт жана валюталардын жана номиналдардын бардык түрлөрү боюнча объекттердин бошоп калуусун болжолдоо алгоритмдерин сунуштайт. Бул программалык камсыздоо банкоматтарда жана өзүн-өзү тейлөө инфраструктурасынын башка объекттеринде накталай каражаттардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо менен терминалдык тармактын ээсине накталай каражаттардын калдыктары боюнча учурдагы көрүнүштү  байкоого жана инкассацияны өз убагында пландоого мүмкүнчүлүк берет.

Бизнес процесстерин автоматизациялоо

Өзүн-өзү тейлөө түзүмүндө НАЖ башкаруу көпчүлүк учурда көп убакытты жана олуттуу адам ресурстарын талап кылат, ал түздөн-түз бул процессти уюштурууга чыгымдарды арттырат. Ошол  эле  учурда, заманбап атайын ПК өзүн-өзү тейлөө жабдыктарын накталай каражаттар менен камсыздоого байланыштуу иштиктүү жана бизнес процесстердиин  бир бөлүгүн унификациялоого жана автоматизациялоого мүмкүнчүлүк берет. Бул ПК НАЖ бардык баскычтарына байкоо жүргүзүү менен бирдиктүү маалыматтык чөйрөдө аларды аткаруу мүмкүнчүлүгүн берет жана иш кагаздарын жүргүзүүнү жеңилдетет, бул жалпысынан накталай каражаттарды башкарууга чыгымдарды кыйла азайтат жана процесстин өзүн жеңилдетет.

Артыкчылыктар

Накталай акчаны кабыл алуу-берүү түйүндөрүн толуктоо үчүн керектүү тартылуучу акчалай массаны азайтуу

Накталай акча менен объекттерди толуктоого чыгымдардын азайышы

Инкассация кызматынын чыгууларын азайтуу

Иш процесстерин оптимизациялоо

Өзүн-өзү тейлөө жабдыктарынын жогорку жеткиликтүүлүк көрсөткүчтөрүн камсыздоо

Тектеш продуктылар

Биздин долбоорлор