X Range™

CPS X-Range эсептөө жана сорттоочу машиналар линейкасы – коммерциялык жана борбордук банктардын кассалык борборлорунда, ошондой эле оюн-зоок жана чекене бизнес чөйрөсүндөгү компаниялар жана инкассация тарабында накталай акчаларды иштетүү сапатынын эң жогорку деңгээлин камсыздайт.

Жогорку тактыкка ээ сенсорлор жана банкноталарды ташып жеткирүүнүн  ишенимдүү системасы жабдыктын үзгүлтүксүз иштөөсүндө өндүрүмдүүлүктүн эң жогорку көрсөткүчтөрүн камсыздайт – саатына 54 000 банкнотага чейин.

X Range™ үлгүлөрү:

  • X3200/X3500 (2+1 чөнтөк)
  • X4200/X4500 (3+1 чөнтөк)
  • X5500 (4+1 чөнтөк)
  • X6500 (5+1 чөнтөк)
  • X7500 (6+1 чөнтөк)
  • X9500 (8+1 чөнтөк)

Жабдыктар

  • Накталай акчанын көлөмүнө жана чечиле турган бизнестик тапшырмаларга жараша машинанын оптималдуу үлгүсүн тандоо мүмкүнчүлүгү
  • Накталай акчаларды иштеп чыгуунун  ар кандай режимдерин колдонуу
  • Бир машинада бир нече валюта менен иштөө
  • Накталай акчаны иштеп чыгуунун  эң ишенимдүү механизмдеринин бири
  • Эргономикалык жогорку көрсөткүчтөр (айрыкча, көп чөнтөктүү машиналарда)
  • Накталай акча жүгүртүүнү башкаруунун ар кандай системалары менен интеграциялоо мүмкүнчүлүгү
  • Түздөн-түз машинанын ар кандай отчетторун басып чыгаруу
  • Берүү чөнтөктөрүнүн саны (стандарт) — 2 тартып 8 бирд. чейин
  • Ылгоо чөнтөктөрүнүн саны (стандарт) — 1 бирд.
  • Банкноталарды берүүчү жабдыктын сыйымдуулугу — 1000 банкнота
  • Иштеп чыгуу ылдамдыгы (эң жогорку) — мүнөтүнө 1100 банкнота
  • Иштеп чыгуу ылдамдыгы (стандарт) — мүнөтүнө 900 банкнота
  • Иштеп чыгуу ылдамдыгы (кылдат режим) — мүнөтүнө 750 банкнота
  • Берүү чөнтөктөрүнүн сыйымдуулугу — 200/500 банкнота
  • Ылгоо чөнтөктөрүнүн сыйымдуулугу — 200/500 банкнота
  • Банкноталарды ташып жеткирүүнүн түрү  — Горизонталдык
  • Оператордун экраны — Сенсордук, түстүү (7’’)
  • Банкноталардын аныктыгын текшерүү датчиктери: магниттик, эки тараптын УФ, флуоресценттик, инфра-кызыл, сүрөттүн контакттык сенсору, оптикалык (OCR)
  • Банкноталардын балын текшерүү үчүн датчиктер: кир жана тактар, сыя жана боёк, басманын сүрүлүп калуусу, тешиктери жана жыртыктары, ийилген жана жыртылган бурчтары, кабаттап жабыштыруу, скотч чаптоо.
  • Банкноталардын өлчөмдөрү: туурасы-85 мм чейин, узундугу-182 мм чейин
  • Кошулуу — LAN, USB, RS232
  • Операциялык система — Linux
  • Жеткиликтүүлүктү башкаруу — оператордун логини жана сырсөзү
Сиздин компания үчүн ылайыктуу өнүмдөрдү сунуштайбыз. «Биз менен байланышыңыз» баскычы аркылуу бизге билдирүү жибериңиз.

Кирилл Овсянников

Стратегиялык багыт боюнча директордун орун басары

Биздин долбоорлор