Термопринтерлер

Zebra Technologies — уюлдук компьютерлерди, штрих-код сканерлерин, термопринтерлерди жана алар үчүн керектелүүчү материалдарды чыгаруучу дүйнөдөгү алдыңкы өндүрүүчүлөрдүн бири. Компания чекене соодада, электрондук коммерцияда, логистикада, саламаттыкты сактоодо, өнөр жайдын ар кандай тармактарында иш процесстерин жана операцияларын оптималдаштыруу үчүн чечимдердин кеңири алкагын сунуштайт.

Жабдыктар

Уюлдук принтерлер

QLn сериясындагы уюлдук принтерлер менен штрих коддору, этикеткаларды, чектерди басып чыгарууга болот. Алар жеңил салмагы жана соккуга туруктуу дизайны менен айырмаланат, жөнөкөй жана иштөөдө ыңгайлуу. Маалыматтарды иштетүүнүн жогорку ылдамдыгы, көлөмдүү эс-тутуму жана аксессуарлардын кеңири алкагынан улам QLn принтерлери жогорку өндүрүштүк жана колдонуу натыйжалуулугун камсыз кылат.

Өнөр жайлык принтерлер

ZT411 сериясындагы өнөр жайлык принтерлер - бул татаал шарттарда иштөөгө ылайыктуу ишенимдүү жана бышык жабдыктар. Өндүрүмдүүлүгү жогору болгондуктан, аларды чекене соодада гана эмес, өнөр жайда, логистикада жана башка тармактарда да колдонулат.

Столго коюлуучу принтерлер

ZD410 жана TLP 2824 Plus сериясындагы столго коюлуучу принтерлер - штрих-коддуу этикеткаларды, чектерди, билериктерди жана RFID-белгилерин басып чыгаруу үчүн чакан, иштөөдө оңой жана узак мөөнөттүү жабдыктар.

Биз суроолоруңузга чын дилибизден кубаныч менен жооп берүүгө даярбыз. Өкүлдөрүбүздүн бирине билдирүү калтырып коюңуз, биз Сиз менен тез арада байланышабыз.

Эмиль Мусаев

Чекене соода үчүн жабдыктарды сатуу бөлүмүнүн башчысы

Биздин долбоорлор