Терминалдык POS-системалары (All-in-one)

Diebold Nixdorf компаниясынын  моноблоктук POS-системалары  – колдонуучунун өркүндөтүлгөн графикалык интерфейси менен ыңгайлуу жана эргономикалык жактан универсалдуу сенсордук төлөмдөрдүн терминалдык системалары, аларга ар кандай перифериялык жабдууларды туташтырууга болот жана кассалык тейлөөнү оптималдаштыруу үчүн аппараттык жана программалык чечимдер менен оңой интеграцияланат.

Жабдыктар

BEETLE/iPOS plus SL – мыкты көрсөтүүчү кеңири форматтагы мультисенсордук экраны бар универсалуу көп функционалдуу чакан POS-система (14"). Система чекене соода ишканалары, ресторандар, кафелер жана башка коомдук тамактануу жайлары үчүн идеалдуу жана ар кандай түзүлүштө сунушталышы мүмкүн, бул соода уюмунун талаптарына толук жооп бере турган жабдыкты тандоого мүмкүнчүлүк берет.

  • Аба өткөрбөгөн желдеткичсиз түзүлүшү  көпкө туруу мерчимин камсыз кылат
  • Чаң өткөрбөгөн жабык корпус системанын ички бөлүгүн кирден жана таштандыдан сактайт.
  • Чачырандылардан коргоочу кыртыш.
  • Жарашыктуу эргономикалык дизайн.
  • Intel Apollo Lake / Kaby Lake U энергияны үнөмдөөчү иштетүү технологиясы операциялык чыгымдарды азайтууга мүмкүнчүлүк берет.
  • Жарыктандыруусу менен энергия үнөмдөөчү дисплей.
  • Камтылган WLAN жана VESA ишенимдүү бекемдегичтери  системаны  дүкөндүн же ресторандын каалаган жерине орнотууга мүмкүнчүлүк берет.
  • Перифериялык жабдыктардын кеңири ассортименти тейлөө зонасында мейкиндикти үнөмдөйт: магниттик карта окугучун, iButton, штрих-код сканерин (2D), кардарлардын ар кандай өлчөмдөгү дисплейлерин туташтырууга болот.
  • 14“ LED-backlit LCD (16:9) сенсордук экраны

Процессор (комплектацияга жараша)

  • Pentium N4200 /4x 2.5 GHz
  • Core i3-7100U / 2x 2.4 GHz
  • Core i5-7300U / 2x 3.5 GHz

Өлчөмдөр (бийиктиги, туурасы, узундугу)

  • 335 мм x 212 мм x 300 мм

Beetle/iPOS plus Advanced – сенсордук экраны бар универсалдуу көп функционалдуу моноблоктук POS-система. Ал өзүн чекене соодада жана мейманкана бизнесинде сунуштап көрсөтө алды. жабдыктын жогорку өндүрүмдүүлүгүнөн жана ишинин жеңилдигинен улам кардарларды тейлөө тезирээк жана натыйжалуу болот. Beetle/iPOS plus Advanced кассалык терминал катары гана эмес, маалымат күркөсү катары да колдонулушу мүмкүн.

  • Intel Skylake процессордук технологиясы системанын жогорку натыйжалуулугун камсыз кылат.
  • Үч процессордун бирин тандоо мүмкүнчүлүгү системанын масштабдуулугун камсыздоого мүмкүнчүлүк берет.
  • Жогорку ылдамдыктагы эс-тутумдун көлөмү – 32 ГБ чейин.
  • Перифериялык жабдуулардын кеңири тандоосу.
  • Комплектациянын ар түрдүү параметрлери тутумду уюмдун каалаган талаптарына тез ылайыкташтырууга шарт түзөт.
  • Жакшыртылган эргономикалык дизайн.
  • Алюминий корпусу, бекемделген айнек кыртышы жана чачырандыдан коргоочусу бар бышык конструкция.
  • 15“ LED-backlit LCD (4:3)  сенсордук экраны

Процессор (комплектацияга жараша)

  • Celeron G3900TE /2x 2.3 GHz
  • Core i3-6100TW / 2x 2.7 GHz
  • Core i5-6500TE / 4x 2.3 – 3.3 GHz

Өлчөмдөр (бийиктиги, туурасы, узундугу)

  • 349 мм x 214 мм x 350 мм

BEETLE A1150 - өнөр жай жабдыктарынын ишенимдүүлүгүн жана заманбап уюлдук каражаттардын инновациялык дизайнынын көрктүүлүгүн айкалыштырган, сенсордук экраны бар универсалдуу көп функционалдуу моноблоктук POS-система. Чечим соода уюмунун өзгөчө талаптарына ылайыкташтырылышы мүмкүн жана каалаган дүкөндүн иштөө чөйрөсүнө идеалдуу түрдө туура келет.

  • Желдеткичсиз конструкция системанын жогорку ишенимдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат.
  • Чаң өткөрбөгөн жабык корпус системанын ички бөлүгүн кирден жана таштандыдан сактайт.
  • Intel Whiskey Lake U жаңы процессордук технологиясы энергияны өтө аз керектөөнү жана системанын масштабдалуучу өндүрүмдүүлүгүн камсыздайт.
  • Киргизүү-чыгаруунун масштабдалуучу интерфейси кошулуунун кеңири мүмкүнчүлүктөрүн камсыздайт.
  • Интеграцияланган WLAN жана VESA бекемдегичи дүкөндүн каалаган жерине орнотуу мүмкүнчүлүгүн берет (текчеде, түркүктө же дубалда).
  • Перифериялык жабдуулардын кеңири тандоосу: магниттик карта окугучун,  iButton, NFC-ридерди жана ар кандай өлчөмдөгү кошумча дисплейлерди туташтырууга болот.
  • 15.6” LED-backlit LCD (16:9) сенсордук экраны

Процессор (комплектацияга жараша)

  • Intel Celeron 4305UE /2x 2.0 GHz
  • Intel Core i3-8145UE /2x 2.2-3.9 GHz
  • Intel Core i5-8365UE /4x 1.6-4.1 GHz

Өлчөмдөр (бийиктиги, туурасы, узундугу)

  • 342 мм x 207 мм x 376 мм
Биз суроолоруңузга чын дилибизден кубаныч менен жооп берүүгө даярбыз. Өкүлдөрүбүздүн бирине билдирүү калтырып коюңуз, биз Сиз менен тез арада байланышабыз.

Эмиль Мусаев

Чекене соода үчүн жабдыктарды сатуу бөлүмүнүн башчысы

Биздин долбоорлор