Перифериялык жабдыктар

Diebold Nixdorf перифериялык жабдыктары  атайын   POS-терминалдык системалар үчүн иштелип чыккан жана дүйнөнүн көпчүлүк алдыңкы өндүрүүчүлөрүнүн кассалык жабдыктарына шайкеш келет. Эргономикалык дизайны, заманбап түзүлүшү жана кеңири туташуу мүмкүнчүлүктөрүнөн улам жабдыктар чекене түйүндүн кассалык тейлөө системасына жеңил өткөрүлүшү мүмкүн.

Жабдыктар

Мультитач функциясы менен BA90 чакан сенсордук дисплейи Diebold Nixdorf POS-системалары, ошондой эле башка өндүрүүчүлөрдүн көптөгөн системасы менен интеграцияланат. Заманбап жөнөкөй дизайн жана бир кабель аркылуу системага кошулуу дисплейди орнотуу жерин тандоо үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берет. BA90 дисплейи энергияны аз коротору менен айырмаланат жана POS-системанын же маалыматтык күркөнүн экраны катары колдонулушу мүмкүн. Сенсордук экрансыз комплектөө мүмкүн.

  • Экрандын өлчөмү – 8”
  • Экрандык көрсөтүү  – 800 x 600
  • Өлчөм – 199,6 мм x168,6 мм x33 мм

BA92, BA93 и BA93W – акыркы муундагы Diebold Nixdorf сенсордук дисплейлери, алар алдыңкы дүйнөлүк өндүрүүчүлөрдүн дээрлик бардык POS-системалары менен интеграцияланат. Мультитач функцияларына ээ (10 чекитке чейин) жана резистивдүү (BA92 жана BA93) же проекциялык сыйымдуу сенсордук экран (BA92, BA93 жана BA93W) менен жабдылышы мүмкүн. BA92 жана BA93 үчүн сенсордук экрансыз топтом жеткиликтүү. Заманбап дизайн, аз энергия сарптоо жана болгону бир кабель аркылуу кошулуу мүмкүнчүлүгү менен дүкөндүн каалаган жеринде дисплейди орнотууга болот.

BA92 – 12.1” (көрсөтүү  800 x 600)

  • Өлчөм – 292 мм x 257,9 мм x 47 мм

BA93 – 15” (көрсөтүү  1024 x 768)

  • Өлчөм – 349 мм x 308,5 мм x 47 мм

BA93W – 15.6” (көрсөтүү  1360 x 768)

  • Өлчөм – 395 мм x 271,2 мм x 51,2 мм]

KA21 - ачылуучу капкагы, банкноталар үчүн жөнгө салынуучу бөлүмдөр жана кол салуудан күчөтүлгөн коргоо менен кассеталык акча кутусу. POS-системаларга кошулуу үчүн ылайыкталган.

  • 4 банкноталар үчүн жөнгө салынуучу бөлүк
  • 8 тыйындар үчүн бөлүк
  • Чек, документтер, оролгон тыйындар үчүн кошумча бөлүм

HPC 16S - банкноталар, тыйындар, чектер жана алмаштырылуучу акча үчүн бөлүктөрү бар суурма акча кутусу. Автоматтык түрдө фискалдык каттоочунун буйругу же ачкыч менен ачылышы мүмкүн.

  • 5 банкноталар үчүн жөнгө салынуучу бөлүк
  • 9 тыйындар үчүн бөлүк
  • Документтер жана чектер үчүн кошумча бөлүк

TH200i – чектерди, купондорду, ваучерлерди жана транзакциялык документтерди басып чыгаруу үчүн чакан универсалдуу POS-принтер. Жогорку ылдамдыкты жана басып чыгаруунун мыкты сапатын камсыз кылат, тигинен же туурасынан орнотууга болот.

  • Түздөн-түз термикалык басып чыгаруу (203 dpi)
  • Басып чыгаруу ылдамдыгы – 200 мм/с  чейин
  • Өлчөм – 145 мм х 145 мм х 200 мм

TH250 - чектерди, купондорду, ваучерлерди жана транзакциялык документтерди басып чыгаруу үчүн универсалдуу POS-принтер. Рынокто басып чыгаруунун эң жогорку ылдамдыгына ээ, бул сатып алууну тариздөөнү тез арада бүтүрүүнү камсыз кылат.

  • Түздөн-түз термикалык басып чыгаруу (203 dpi, 8 dots/mm)
  • Басып чыгаруу ылдамдыгы – 350 мм/с чейин
  • Өлчөм – 145 мм x 131 мм x 175 мм
Биз суроолоруңузга чын дилибизден кубаныч менен жооп берүүгө даярбыз. Өкүлдөрүбүздүн бирине билдирүү калтырып коюңуз, биз Сиз менен тез арада байланышабыз.

Эмиль Мусаев

Чекене соода үчүн жабдыктарды сатуу бөлүмүнүн башчысы

Биздин долбоорлор