Diebold Nixdorf DN 400H

DN Series 400H – имараттарга орнотууга арналган жана банктын өзүн-өзү тейлөө каналын өнүктүрүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берүүчү рециркуляция системасына ээ көп функционалдуу банкомат. DN 400H аркылуу Сиз жеке адамдарга гана эмес, чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүнө дагы ыңгайлуу кызматтарды жана тейлөөнү сунуштай аласыз.

DN 400H банкоматы 4-муундагы рециркуляциялык модуль – RM4H  менен жабдылган. Бүгүнкү күндө  бул кардарларга мүмкүн болушунча тез арада акча каражаттарын алууга же сактоого мүмкүндүк берген накталай акчанын рециркуляциясынын эң ишенимдүү системасы.

Бизнес артыкчылыктары

Интеграциялык мүмкүнчүлүктөр

Заманбап программалык камсыздоону колдонуу менен бул үлгүнүн банкоматтары электрондук өз ара аракеттенүү каналдары аркылуу берилүүчү бардык сервистерге (уюлдук банк, интернет-банкинг) кошулган, натыйжалуу физикалык тейлөө түйүнү болушу мүмкүн. Бул омниканалдуу банктык тейлөө концепциясын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет.

Инновациялуулук

DN Series 400H тыйындар диспансерин, контактсыз карта окугучту жана QR-кодду окугучту камтуу менен берилиши мүмкүн, бул өзүн-өзү тейлөө жабдыктарынын функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтүүгө жол ачат.

Натыйжалуулугу

Банкомат жогорку сыйымдуулукка ээ кассеталарды колдонот, бул инкассациялардын чыгууларынын ортосундагы убакытты көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет, ошондой эле өзүн-өзү тейлөө жабдыгынын жогорку жеткиликтүүлүк деңгээлин камсыздайт.

Ишенимдүүлүк

Накталай акчанын рециркуляциясынын заманбап модулу жана түзгөн бөлүктөрдүн жогорку сапаты жабдыктын максималдуу туруктуулук деңгээлин камсыздайт, бул кызматтардын жеткиликтүүлүгүн кепилдейт жана терминалдык тармакты тейлөө чыгымдарын кыйла азайтат.

Жекелештирүү мүмкүнчүлүктөрү

Заманбап дизайны, интуитивдик интерфейси жана колдонулган программалык чечимдери менен колдонуучу өзүн-өзү тейлөөнүн ыңгайлуу жабдыгына ээ болот, ал аркылуу банк ага керектүү жекелештирилген кызматтарды сунуштай алат

Коопсуздук

Аппараттык жана программалык деңгээлде да ишке ашырылган көп деңгээлдүү коопсуздук системасы жабдыкты физикалык жана логикалык чабуулдардын кеңири тараган түрлөрүнөн коргоого мүмкүнчүлүк берет.

Жабдыктар

Рециркуляция модулу

  • RM4H – 4-муундагы накталай акчаны кайра иштетүү (рециркуляция) модулу
  • Бир транзацияда 300 купюрага чейин берүү/ депозит
  • 5 кассетага чейин колдонуу (4 кайра иштетүү (рециркуляция) кассетасы + 1 накталай акчаларды кабыл алуу үчүн кассета)
  • Рециркуляция кассетасын толтуруунун максималдуу деңгээли – 300 мм
  • all-in кассетасын толтуруунун максималдуу деңгээли  – 500 мм
  • CCMS (Cash Cycle Management Solutions) функциясы менен иштеген кассеталар
  • Унутулган жана калган купюралар үчүн кошумча бөлүмдөр
  • 4 номиналга чейин рециркуляция
  • Накталай акчаны берүү уясында бөтөн объекттерди аныктоо
  • Жөнгө салуучулардын талаптарына ылайык банкноталардын валидациясы

Тыйындарды кабыл алуу/берүү модулу

  • Тыйындардын 4 номиналына чейин берүү
  • Тыйындардын 8 номиналына чейин берүү (опционалдык)
  • Тыйындардын депозити (опционалдык)

Физикалык коопсуздук

  • Колдонуучунун жүзүн жана накталай акча берүүчү слоттун иштешин жана банкомат жайгашкан бөлүктү тартып алган камералар
  • UL 291 Level 1, CEN I – IV, CEN I EX Gas, CEN III EX Gas, CEN IV EX Gas сейфтери
  • Проактивдүү эскертүү билдирүүчү  система
  • Диспенсерди жана карта окугучту уруксатсыз иш-аракеттерден коргоо
  • Сейф үчүн механикалык жана электрондук кулпулар
  • Рециркуляция модулун тосмолоо механизми
  • Депозит же берүү учурунда накталай акчаны кармап калуудан сактоо
  • Газ жана жарылуучу заттар колдонулган  кол салуудан коргоо

Колдонуучу маалыматтарынын коопсуздугу

  • Арткы көрүү күзгүсү
  • Заманбап ПИН-пад
  • ПИН-пад үчүн коргоочу жапкыч
  • Secure Pack 1, 2, 3 же ActivEdgeTM скиммингге каршы түзмөктөрдү орнотуу мүмкүнчүлүгү

Киберкоопсуздук

  • Ишенимдүү жабдыктарды гана туташтыруу
  • Жабдыктын байланыш каналын базалык коргоо
  • CrypTA Stick аркылуу  тейлөө кызматкерлерин авторизациялоо
  • DN VynamicTM Security Suite программалык чечимдери
  • TPM модулу (ISO/IEC 11889 стандарттарына жооп берүүсү)

Монитор

  • 15” функционалдык баскычтар менен жана/же сенсордук экран менен
  • Вертикалдуу же горизонталдуу сенсордук экран 19”
  • Экранды кол салуудан коргоо
  • Сенсордук экрандар үчүн мультитач функциясын иштетүү
  • Стандарттык же жогорку жарыкка ээ монитор
  • Текстти капталдан окууга тоскоол болгон каптоо

Банкоматтын компьютери

  • Intel® Celeron i3 же i5 процессору
  • Intel® AMT (Active Management Technology) технологиясы
  • HDD/SSD диски
  • DVD-диск үчүн тилке

Кардар менен иштешүү

  • Кулакчын жана гарнитура үчүн чиркегич
  • Эки тараптуу видео жана үн байланыш мүмкүнчүлүгү (камера жана микрофон)
  • Карта окугучту жана накталай акча уячасын жарыктандыруу

Идентификация

  • Моторлуу карта окугуч (EMV сертификаты)
  • Гибриддик  DIP-карта окугучу (EMV сертификаты)
  • Контактсыз карта окугуч (EMV сертификаты)
  • Штрихкод сканери (1D/2D)
  • Манжа изинин сканери

Принтер

  • Термикалык басып чыгаруу, 80 мм
  • Журналдык принтер
  • Эсеп боюнча көчүрмөлөрдү басып чыгаруу үчүн принтер
  • Депозиттик китепчелер принтери
  • Алдыңкы же арткы жүктөө
  • 10.1” сервистик дисплейи

Системалык ПК

  • ProBase/C 1.4
  • Windows® 7 жана 10

Функционалдык ПК

  • Vynamic Software Suite программалык камсыздоо чечимдери
  • .iQ Family программалык камсыздоо чечимдери

Өлчөмдөр

(бийиктиги, туурасы, узундугу)

  • 1495 мм x 500 мм x 1035 мм (UL)
  • 1445 мм x 500 мм x 1035 мм (CEN)

Биздин долбоорлор

Сервистер