Стационардык жана кол сканерлери

Datalogic компаниясы – маалыматтарды автоматтык чогултуу жана өндүрүштү автоматташтыруу рыногундагы дүйнөлүк технологиялык лидер, штрих-код сканерлерин, уюлдук компьютерлерди, машиналык көрүү жана лазердик маркалоо системаларын ж.б. иштеп чыгууга жана өндүрүүгө адистешкен.

Datalogic атынан Magellan стационардык жана кол сканерлери ишенимдүүлүгү жана жогорку өндүрүмдүүлүгү менен кеңири таанымал. Алар кассалык тейлөөнү автоматташтырууга, эсептик-кассалык операцияларды жүргүзүү убактысын кыскартууга мүмкүнчүлүк берет.

Жабдыктар

Magellan 3450VSi стационардык сканери 1D жана 2D коддорун сканерлөөнүн өзүнүн классындагы мыкты өндүрүмдүүлүгүн, чакан корпусунда өзгөчө ишенимдүүлүктү жана универсалдуулукту сунуштайт.

  • Окуу түрү – 1D/2D-сканерлөө.
  • Туташуу интерфейстери – USB, RS232
  • Өлчөм  – 137мм x 152 мм x 94 мм

Magellan 9400i стационардык сканер-таразасы жогорку өндүрүмдүү штрих-код сканерлеринин жаңы муунуна кирет, алар сызыктуу (1D), эки ченемдүү (2D) штрих-коддорду, ошондой эле Digimarc коддорун сканердин алдына товарды каалагандай абалда койгондо да окуй алат.

  • Окуу түрү – 1D/2D- сканерлөө
  • Туташуу интерфейстери – USB, RS-232
  • Өлчөм  – 102 мм x 130 мм x 292 мм

Magellan 9800i стационардык сканери жогорку натыйжалуу санариптик сүрөт иштетүү технологиясын колдонот. Бул сызыктуу жана эки ченемдүү штрих-коддорду окуп жатканда максималдуу өткөрүү жөндөмүн камсыз кылат

  • Окуу түрү – 1D/2D- сканерлөө
  • Туташуу интерфейстери – USB, RS-232
  • Өлчөм  – 106 мм x 68 мм x 352 мм

Gryphon 4500 – касса кызматкерлеринин муктаждыктарын эске алуу менен иштелип чыккан жана сызыктуу жана эки ченемдүү коддорду тез сканерлөө үчүн ар тараптуу окуунун алдыңкы технологияларын колдонгон премиум класстагы кол сканерлеринин сериясы.

  • Окуу түрү – 1D/2D- сканерлөө
  • Туташуу интерфейстери – USB, RS232
  • Топтомдо сканердин таканчыгы бар

QuickScan Lite QW2400 матрицалык имидждик сканер - узун жана кесилген сызыктуу (1D) штрих-коддорду, ошондой эле чоң эки ченемдүү (2D) штрих-коддору жакын аралыкта окуу үчүн атайын иштелип чыккан.

  • Окуу түрү – 1D/2D- сканерлөө, почта коддору, стек коддору
  • Туташуу интерфейстери – USB, RS-232
  • Топтомдо сканер жана сканердин таканчыгы бар
Биз суроолоруңузга чын дилибизден кубаныч менен жооп берүүгө даярбыз. Өкүлдөрүбүздүн бирине билдирүү калтырып коюңуз, биз Сиз менен тез арада байланышабыз.

Эмиль Мусаев

Чекене соода үчүн жабдыктарды сатуу бөлүмүнүн башчысы

Биздин долбоорлор