Diebold Nixdorf DN 490C

DN Series 490C – көчөгө орнотуу үчүн арналган, накталай акчаны берүү функциясына ээ көп функционалдуу банкомат (Drive-up). DN SeriesTM 490C аркылуу Сиз кардарларыңызга дагы көбүрөөк ыңгайлуу кызматтарды жана тейлөөлөрдү сунуштай аласыз. Заманбап программалык чечимдердин жардамы менен банктагы бөлүмдөрдүн күнүмдүк иштеринин бир бөлүгү банкоматка чыгарылышы мүмкүн, бул каржылык уюмдун кызматкерлерине ар бир кардарга көбүрөөк көңүл бурууга мүмкүнчүлүк берет.

DN SeriesTM 470C банкоматы  CMD-V6C  диспенсери менен жабдылган, ал  бул өзүн-өзү тейлөө жабдыгынын жогорку натыйжалуулугун жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат.

Бизнес артыкчылыктары

Жекелештирүү мүмкүнчүлүктөрү

Заманбап дизайны, интуитивдик интерфейси жана колдонулган программалык чечимдери менен колдонуучу өзүн-өзү тейлөөнүн ыңгайлуу жабдыгына ээ болот, ал аркылуу банк ага керектүү жекелештирилген кызматтарды сунуштай алат.

Ишенимдүүлүк

Накталай акчанын рециркуляциясынын заманбап модулу жана түзгөн бөлүктөрдүн жогорку сапаты жабдыктын максималдуу туруктуулук деңгээлин камсыздайт, бул кызматтардын жеткиликтүүлүгүн кепилдейт жана терминалдык тармакты тейлөө чыгымдарын кыйла азайтат.

Натыйжалуулугу

Банкомат жогорку сыйымдуулукка ээ кассеталарды колдонот, бул инкассациялардын чыгууларынын ортосундагы убакытты көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет, ошондой эле өзүн-өзү тейлөө жабдыгынын жогорку жеткиликтүүлүк деңгээлин камсыздайт.

Инновациялуулук

DN 490C тыйындар диспансерин, контактсыз карта окугучту жана QR-кодду окугучту камтуу менен берилиши мүмкүн, бул өзүн-өзү тейлөө жабдыктарынын функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтүүгө жол ачат.

Интеграциялык мүмкүнчүлүктөр

Заманбап программалык камсыздоону колдонуу менен бул үлгүнүн банкоматтары электрондук өз ара аракеттенүү каналдары аркылуу берилүүчү бардык сервистерге (уюлдук банк, интернет-банкинг) кошулган, натыйжалуу физикалык тейлөө түйүнү болушу мүмкүн. Бул омниканалдуу банктык тейлөө концепциясын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет.

Коопсуздук

Аппараттык жана программалык деңгээлде да ишке ашырылган көп деңгээлдүү коопсуздук системасы жабдыкты физикалык жана логикалык чабуулдардын кеңири тараган түрлөрүнөн коргоого мүмкүнчүлүк берет.

Жабдыктар

CMD-V6C диспенсери

  • Бир транзацияда 110 купюрага чейин берүү
  • 4 кассетага чейин колдонуу
  • Кассетаны толтуруунун максималдуу деңгээли – 300 мм
  • Унутулган жана четке кагылган банкноталар  үчүн кассета
  • CCMS (Cash Cycle Management Solutions) функциясы менен иштеген кассеталар
  • Четке кагылган банкноталар  үчүн өзүнчө бөлүм

Тыйындарды берүү модулу

  • Тыйындардын 4 номиналына чейин берүү

Физикалык коопсуздук

  • Колдонуучунун жүзүн жана накталай акча берүүчү слоттун иштешин жана банкомат жайгашкан бөлүктү тартып алган камералар
  • UL 291 Level 1, CEN I сейфтери
  • Проактивдүү эскертүү билдирүүчү  система
  • Диспенсерди жана карта окугучту уруксатсыз иш-аракеттерден коргоо
  • Сейф үчүн механикалык жана электрондук кулпулар
  • Накталай акчаны кармап калуудан сактоо
  • Газ жана жарылуучу заттар колдонулган  кол салуудан коргоо

Колдонуучу маалыматтарынын коопсуздугу

  • Арткы көрүү күзгүсү
  • Заманбап ПИН-пад
  • Secure Pack 1, 2, 3 же  ActivEdgeTM скиммингге каршы түзмөктөрдү орнотуу мүмкүнчүлүгү

Киберкоопсуздук

  • Ишенимдүү жабдыктарды гана туташтыруу
  • Жабдыктын байланыш каналын базалык коргоо
  • CrypTA Stick аркылуу  тейлөө кызматкерлерин авторизациялоо
  • DN VynamicTM Security Suite программалык чечимдери
  • TPM модулу (ISO/IEC 11889 стандарттарына жооп берүүсү)

Монитор

  • 15” функционалдык баскычтар менен жана/же сенсордук экран менен
  • Вертикалдуу же горизонталдуу сенсордук экран 19”
  • Экранды кол салуудан коргоо
  • Сенсордук экрандар үчүн мультитач функциясын иштетүү
  • Жогорку жарыкка ээ монитор
  • Текстти капталдан окууга тоскоол болгон каптоо

Банкоматтын компьютери

  • Intel® Celeron i3 же i5 процессору
  • Intel® AMT (Active Management Technology) технологиясы
  • HDD/SSD диски
  • DVD- диск үчүн тилке

Кардар менен иштешүү

  • Кулакчын жана гарнитура үчүн чиркегич
  • Эки тараптуу видео жана үн байланыш мүмкүнчүлүгү (камера жана микрофон)
  • Карта окугучту жана накталай акча уячасын жарыктандыруу

Идентификация

  • Моторлуу карта окугуч (EMV сертификаты)
  • Гибриддик  DIP-карта окугучу (EMV сертификаты)
  • Контактсыз карта окугуч (EMV сертификаты)
  • Штрихкод сканери (1D/2D))

Принтер

  • Термикалык басып чыгаруу принтери, 80 мм
  • Алдыңкы жүктөө
  • Жылыткыч жана кондиционер

Системалык ПК

  • ProBase/C 1.4
  • Windows® 7 жана 10

Функционалдык ПК

  • Vynamic Software Suite программалык камсыздоо чечимдери
  • .iQ Family программалык камсыздоо чечимдери

Дубалдардын ортосундагы орундун өлчөмү

(бийиктиги, туурасы)

  • 1483 мм x 800 мм х 984 мм

Биздин долбоорлор

Сервистер