Diebold Nixdorf DN 200H

DN Series 200H – бул имараттын ичине орнотуу үчүн арналган, рециркуляция системасына ээ чакан жана банктык өзүн-өзү тейлөө каналын өнүктүрүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берген банкомат.

DN 200H банкоматы 4-муундагы рециркуляциялык модулу – RM4H менен жабдылган. Бүгүнкү күндө бул накталай акчаны кайра иштетүүнүн эң ишенимдүү системасы, кардарларга мүмкүн болушунча тез арада акча каражаттарын алууга же сактоого мүмкүнчүлүк берет.

DN Series 200 үлгүлүк катардагы банкоматтардын инновациялык дизайны үчүн Diebold Nixdorf компаниясы Red Dot: Product Design абройлуу эл аралык сыйлыгына татыктуу болгон.

Бизнес артыкчылыктары

Интеграциялык мүмкүнчүлүктөр

Заманбап программалык камсыздоону колдонуу менен бул үлгүнүн банкоматтары электрондук өз ара аракеттенүү каналдары аркылуу берилүүчү бардык сервистерге (уюлдук банк, интернет-банкинг) кошулган, натыйжалуу физикалык тейлөө түйүнү болушу мүмкүн. Бул омниканалдуу банктык тейлөө концепциясын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет.

Инновациялуулук

DN SeriesTM 200H контактсыз карта окугучту жана QR-код сканерин камтуу менен берилиши мүмкүн, бул өзүн-өзү тейлөө жабдыктарынын функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтүүгө жол ачат.

Ишенимдүүлүк

Накталай акчанын рециркуляциясынын заманбап модулу жана түзгөн бөлүктөрдүн жогорку сапаты жабдыктын максималдуу туруктуулук деңгээлин камсыздайт, бул кызматтардын жеткиликтүүлүгүн кепилдейт жана терминалдык тармакты тейлөө чыгымдарын кыйла азайтат.

Кошумча функциялар

Жабдык өзүнүн функцияларын кеңейтүүчү программалык чечимдердин орнотулушуна даяр. DN SeriesTM 200H колдонуу менен банктар кардарларына дагы көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү сунуштай алышат: картасыз аутентификация, товарларды, кызматтарды жана жыйымдарды төлөө, валюта алмаштыруу ж.б.

Натыйжалуулугу

Банкомат жогорку сыйымдуулукка ээ кассеталарды колдонот, бул инкассациялардын ортосундагы иштөө мезгилин көбөйтүүгө жана көрсөтүлгөн кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет, ошондой эле өзүн-өзү тейлөө жабдыгынын жеткиликтүүлүгүнүн жогорку деңгээлин камсыз кылат.

Коопсуздук

Аппараттык жана программалык деңгээлде да ишке ашырылган көп деңгээлдүү коопсуздук системасы жабдыкты физикалык жана логикалык чабуулдардын кеңири тараган түрлөрүнөн коргоого мүмкүнчүлүк берет.

Жабдыктар

Рециркуляция модулу

  • RM4H – 4-муундагы накталай акчаны кайра иштетүү (рециркуляция) модулу
  • Бир транзацияда 300 купюрага чейин берүү/депозит
  • 5 кассетага чейин колдонуу (4 кайра иштетүү (рециркуляция) кассетасы + all-in режиминде накталай акчаларды кабыл алуу үчүн жогорку сыйымдуулу кка ээ 1 кассета)
  • Кайра иштетүү (рециркуляция) кассетасын толтуруунун максималдуу деңгээли– 300мм
  • all-in кассетасын толтуруунун максималдуу деңгээли  – 500 мм
  • CCMS (Cash Cycle Management Solutions) функциясы менен иштеген кассеталар
  • Унутулган жана калган купюралар үчүн кошумча бөлүмдөр
  • Накталай акчаны берүү уясында бөтөн объекттерди аныктоо
  • Жөнгө салуучулардын талаптарына ылайык банкноталардын валидациясы

Тыйындарды берүү модулу (опционалдык)

  • Тыйындардын 4 номиналына чейин берүү

Физикалык коопсуздук

  • Колдонуучунун жүзүн жана накталай акча берүүчү слоттун иштешин жана банкомат жайгашкан бөлүктү тартып алган камералар
  • UL 291 Level 1, CEN I – IV, CEN I EX Gas, CEN III EX Gas, CEN IV EX Gas сейфтери
  • Проактивдүү эскертүү билдирүүчү  система
  • Диспенсерди жана карта окугучту уруксатсыз иш-аракеттерден коргоо
  • Сейф үчүн механикалык жана электрондук кулпулар
  • Рециркуляция модулун тосмолоо механизми
  • Депозит же берүү учурунда накталай акчаны кармап калуудан коргоо
  • Газ жана жарылуучу заттар колдонулган  кол салуудан коргоо

Колдонуучу маалыматтарынын коопсуздугу

  • Арткы көрүү күзгүсү
  • Заманбап ПИН-пад
  • ПИН-пад үчүн коргоочу жапкыч
  • Secure Pack 1, 2, 3 же ActivEdgeTM скиммингге каршы түзмөктөрдү орнотуу мүмкүнчүлүгү

Киберкоопсуздук

  • Ишенимдүү жабдыктарды гана туташтыруу
  • Жабдыктын байланыш каналын базалык коргоо
  • CrypTA Stick аркылуу  тейлөө кызматкерлерин авторизациялоо
  • DN VynamicTM Security Suite программалык чечимдери
  • TPM модулу (ISO/IEC 11889 стандарттарына жооп берүүсү)

Монитор

  • 15” функционалдык баскычтар менен жана/же сенсордук экран менен
  • Вертикалдуу же горизонталдуу сенсордук экран 19”
  • Экранды кол салуудан коргоо
  • Сенсордук экрандар үчүн мультитач функциясын иштетүү
  • Стандарттык же жогорку жарыкка ээ монитор
  • Текстти капталдан окууга тоскоол болгон каптоо

Банкоматтын компьютери

  • Intel® Celeron i3 же i5 процессору
  • Intel®AMT (Active Management Technology) технологиясы
  • HDD/SSD диски
  • DVD-диск үчүн тилке

Кардар менен иштешүү

  • Кулакчын жана гарнитура үчүн чиркегич
  • Эки тараптуу видео жана үн байланыш мүмкүнчүлүгү (камера жана микрофон)
  • Карта окугучту жана накталай акча уячасын жарыктандыруу

Идентификация

  • Моторлуу карта окугуч (EMV сертификаты)
  • Гибриддик  DIP-карта окугучу (EMV сертификаты)
  • Контактсыз карта окугуч (EMV сертификаты)
  • Штрихкод сканери (1D/2D)
  • Манжа изинин сканери

Принтер

  • Термикалык басып чыгаруу, 80 мм.
  • Журналдык принтер
  • Алдыңкы же арткы жүктөө
  • 10.1” сервистик дисплейи

Системалык ПК

  • ProBase/C 1.4
  • Windows® 7 и 10

Функционалдык ПК

  • Vynamic Software Suite программалык камсыздоо чечимдери
  • .iQ Family программалык камсыздоо чечимдери

Өлчөмдөр

(бийиктиги, туурасы, узундугу)

  • 1445 мм x 450 мм x 1035 мм (UL)
  • 1445 мм x 500 мм x 1035 мм (CEN)

Биздин долбоорлор

Сервистер