Diebold Nixdorf DN 100D

DN Series 100D банкоматы – бул имараттын ичине орнотуу үчүн иштелип чыккан накталай акча берүү функциясы бар чакан өзүн-өзү тейлөө жабдыгы. Бул үлгүдөгү банкоматты орнотуу менен сиз өз кардарларыңызга накталай акча алууга эң ыңгайлуу мүмкүнчүлүк бере аласыз.

Бизнес артыкчылыктары

Колдонуунун ыңгайлуулугу

Чакан көлөмү менен, банкомат анча чоң эмес банктын бөлүмдөрүндө, чекене соода түйүндөрүндө жана башка коомдук жайларда да жайгаштырууга ылайыктуу. Жабдыктын заманбап дизайны жана анын интуитивдик интерфейси бул банкоматты колдонууну оңой жана ыңгайлуу кылат.

Инновациялуулугу

Банкомат NFC-ридери жана QR-коддун сканери менен жабдылышы мүмкүн, бул аутентификациянын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле, бул банкоматтарды аралыктан банктык тейлөө каналдары (уюлдук жана интернет-банкинг) менен байланыштырган бир катар кошумча функцияларды жабдыкта ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет.

Натыйжалуулугу

Банкомат жогорку сыйымдуулукка ээ эң көп беш кассетаны колдонот, бул инкассациялардын ортосундагы иштөө мезгилин көбөйтүүгө жана көрсөтүлгөн кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет.

Кошумча функциялар

Жабдык банкоматтын функцияларын кеңейтүүчү же физикалык жана логикалык чабуулдардан коргоону камсыз кылган заманбап программалык чечимдер менен иштөө үчүн даярдалган жана каржы уюмунун инфраструктурасына оңой интеграциялана алат.

Ишенимдүүлүк

Банкоматтын негизги түйүндөрүн түзгөн бөлүктөрдүн жана куралышынын жогорку сапаты жабдыктын максималдуу туруктуулук деңгээлин камсыздайт, бул кызматтардын жеткиликтүүлүгүн кепилдейт жана терминалдык тармакты тейлөө чыгымдарын кыйла азайтат.

Коопсуздук

Физикалык жана логикалык чабуулдардын кеңири тараган түрлөрүнө каршы көп деңгээлдүү коргоо.

Жабдыктар

AFD 2.0 диспенсери

  • Бир транзакцияда 50 банкнотага чейин чыгаруу
  • 5 кассетага чейин колдонуу
  • Кассетаны толтуруунун максималдуу деңгээли – 340 мм
  • Унутулган жана четке кагылган банкноталарды сактоо үчүн кассеталар

Физикалык коопсуздук

  • Колдонуучунун жүзүн жана накталай акча берүүчү слоттун иштешин тартып алган камералар
  • UL 291 Level 1, CEN I сейфтери
  • Ар кандай билдиргичтерди орнотуу мүмкүнчүлүгү
  • Механикалык жана электрондук кулпулар
  • Диспенсерди жана карта окугучту уруксатсыз иш-аракеттерден коргоо

Колдонуучу маалыматтарынын коопсуздугу

  • Арткы көрүү күзгүсү
  • Заманбап ПИН-пад
  • ПИН-пад үчүн коргоочу жапкыч
  • Скиммингке каршы түзмөктөрдү орнотуу мүмкүнчүлүгү

Киберкоопсуздук

  • Жабдыктын байланыш каналын базалык коргоо
  • CrypTA Stick аркылуу  тейлөө кызматкерлерин авторизациялоо
  • TPM модулу (ISO/IEC 11889 стандарттарына жооп берүүсү)

Монитор

  • 15” функционалдык баскычтар менен жана/же сенсордук экран менен
  • Экранды кол салуудан коргоо
  • Стандарттык же жогорку жарыкка ээ монитор
  • Текстти капталдан окууга тоскоол болгон каптоо
  • Сенсордук экрандар үчүн мультитач функциясын иштетүү

Банкоматтын компьютери

  • Intel® Celeron i3 же i5 процессору
  • Intel AMT (Active Management Technology) технологиясы
  • HDD/SSD диски
  • USB/DVD аркылуу маалыматтарды өткөрүү мүмкүнчүлүгү

Кардар менен иштешүү

  • Эки тараптуу байланыш үчүн кулакчын жана микрофон үчүн чиркегич
  • Ыңгайлуулук жана колдонуучуларды тартуу үчүн банкоматты жарыктандыруу

Идентификация

  • Моторлуу карта окугуч (EMV сертификаты)
  • Гибриддик  DIP-карта окугуч (EMV сертификаты)
  • Контактсыз карта окугуч (EMV сертификаты)
  • Штрихкод сканери (1D/2D)

Принтер

  • Термикалык басып чыгаруу, 80 мм
  • Журналдык принтер
  • Алдыңкы жүктөө

Системдик ПК

  • ProBase/C 1.4
  • Windows® 7 и 10

Функционалдык ПК

  • Vynamic Software Suite программалык чечимдери
  • .iQ Family программалык чечимдери

Өлчөмү

(бийиктиги, туурасы, узундугу)

  • 1270 мм x 420 мм x 692 мм

Биздин долбоорлор

Сервистер