Diebold Nixdorf CS 4060

Diebold Nixdorf CS 4060 банкоматы – бул имараттын ичине орнотуу үчүн арналган, накталай акчанын рециркуляция системасына ээ көп функционалдуу өзүн-өзү тейлөө жабдыгы.

Бизнес артыкчылыктары

Жеткиликтүүлүк

Жабдык алдыңкы же арткы жүктөө конфигурациясында ишке ашырылышы мүмкүн, бул банкоматты орнотуу үчүн оптималдуу жерди тандоого мүмкүнчүлүк берет.

Натыйжалуулук

Банкоматтын функционалдуулугун алар менен иштөөгө даярдалган атайын программалык чечимдердин жардамы менен кеңейтүүгө болот. Ошентип, салттуу банк бөлүмүнүн кызматтарынын бир бөлүгү өзүн-өзү тейлөө жабдыгына жайгаштырылышы мүмкүн: эсепти толуктоо, акча каражаттарын которуу, валюта алмашуу, эсептерди жана сатып алууларды төлөө.

Универсалдуулук

CS 4060 рыноктогу эң күчтүү накталай акчаны кайра иштетүү функциясына ээ терминалдардын бири жана кардарлар үчүн улуттук жана чет элдик валюталарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу маанилүү болгон учурда мультивалюталык чөйрөдө колдонулушу мүмкүн.

Жабдыктар

Банкноталарды иштетүү

  • 200 банкнотага чейин пачканы кабыл алуу/берүү
  • Накталай акчаны берүү жана кабыл алуу уясындагы бөтөн объекттерди аныктагыч
  • Кайра иштетүү (ресайклинг)  режиминде 7  номиналга чейин иштетүү
  • Иштөө режимдери: накталай акчаны кабыл алуу, накталай акчаны берүү, накталай акчаны кабыл алуу жана берүү, накталай акча жүгүртүмүнүн туюк мерчими
  • Накталай акчаны кабыл алуу жана берүү операциясын аткаруу ылдамдыгы: секундасына 10 банкнотага чейин
  • Банкноталардын максималдуу өлчөмү – 185 x 85 мм
  • Банкноталардын минималдуу өлчөмү – 105 x 58 мм

Банкноталарды сактоо

  • 8 кассетага чейин
  • Кассетаны максималдуу толтуруу:
  •         305 мм чейин (стандарттык кассета)
  •         200 мм чейин (чакан кассета)
  • Унутулган жана четке кагылган банкноталарды сактоо үчүн 3 өзүнчө бөлүккө чейин
  • Жасалма банкноталар үчүн өзүнчө кассета
  • Толтуруу индикаторуна ээ кассеталар
  • Ар кандай конфигурациядагы кассеталар: пломбалоо үчүн даярдоо, кулпу, ачуу индикатору, накталай акча боюнча операциялардын эс-тутумунун модулу менен.

Купюраларды таануу

  • Купюралардын валидациясы
  • Банкноталарды ылгоо
  • Сериялык номерди таануу
  • Бир эле учурда 120 номиналга чейин иштетүү

Кабыл алуу жана берүү

  • Тыйындарды кабыл алуу / берүү (тышкы топтогуч)

Карта окугуч

  • Моторлуу гибриддик карта окугуч (EMV сертификаты)
  • Жарыктандырылган карта окугуч
  • Скимминг каражаттарын орнотууну кыйындаткан рельефтик түзүлүш
  • Калтырылган картаны артка тартуу функциясы
  • Электр энергиясы өчүрүлгөн учурда картаны кайтарып берүү
  • HiCo магниттик тилкелүү карталар үчүн жазуу функциясы
  • Аралыктан маалыматтарды окуу үчүн интеграцияланган жабдык
  • Гибриддик DIP-карта окугуч (EMV cертификаты)
  • Контактсыз карта окугуч (EMV cертификаты)

Монитор

  • TFT LC (15” же 17”)
  • Бир дисплейде ар кандай уруксаттарды алуу үчүн (VGA, SVGA, XGA) автомасштабдоо функциясы
  • Дат баспаган болоттон жасалган сегиз функционалдык баскыч
  • Сенсордук экран

Принтерлер

  • Эки түстүү термикалык басып чыгаруу
  • Көчүрмө тартуу функциясы, сактоо  үчүн бөлүм
  • Z түрүндө бүктөлгөн кагазды колдонуу
  • Матрицалык принтер

Клавиатура

  • EPP-клавиатурасы (EPP V6)
  • Тамга-сан панели
  • UL 291 Lev el 1, CEN L, CEN III, CEN IV сейфтери
  • Сигнал системасы (уурулукту, кол салууну, соккуну билдиргичтер)
  • Механикалык жана электрондук кулпулар
  • Картаны окугучту манипуляциядан коргоо
  • Скиммингге каршы түзмөк
  • EPP-клавиатурасынын тосмосу (VISA талаптарына ылайык)
  • Арткы көрүү күзгүсү
  • Текстти капталдан окууга тоскоол болгон каптоо
  • CrypTA Stick аркылуу  тейлөө кызматкерлерин авторизациялоо
  • Кардардын жүзүн, карта окугучтун жана накталай акча диспенсеринин иштешин тартып алган камералар

Банкоматтын өлчөмдөрү

(туурасы, узундугу, бийиктиги)

  • 60,0 х 102,2 x 158,2 см

Банкоматтын салмагы

  • 850 кг

Иштөө температурасынын диапазону

  • +5o C тартып +40o C чейин

Салыштырмалуу нымдуулук

  • 5% тартып 85% чейин

Электр кубаттуулугу менен камсыз кылуу

  • Чыңалуу 110-120В~ / 220-240В~
  • Тармактын жыштыгы 50-60 Гц
  • Үзгүлтүксүз электр тогун берүү булагы

Биздин долбоорлор

Сервистер