Модулдук POS-системалар

Diebold Nixdorf модулдук POS-системалары – жогорку өндүрүмдүү  POS-системалык блоктордон жана перифериялык жабдуулардан  турган  универсалдуу POS-терминалдык системалар. Алардын кеңири тандоосу соода уюмунун суроо-талабына эң так жооп берген топтомду тандоого мүмкүнчүлүк берет. Модулдук POS-системаларын колдонуу кассалык жабдууларды тейлөөгө кеткен чыгымдарды азайтат, кассалык тейлөөнүн натыйжалуулугун жана ылдамдыгын жогорулатат.

Жабдыктар

BEETLE/XS POS-системалык блогу - минималдуу ээлик кылуу наркы менен жабдыктын максималдуу жеткиликтүүлүгүн камсыз кылган системалык платформа.

  • Системанын жабылган желдеткичсиз конструкциясы иштөө учурунда аппараттын жогорку ишенимдүүлүгүн камсыз кылат.
  • Чаң өткөрбөгөн жабык корпус системанын ички бөлүгүн кирден жана таштандыдан сактайт.
  • Intel жаңы төрт ядерлик процессордук технологиясы жана тышкы энергиялык жактан натыйжалуу кубаттандыруу блогу энергиянын аз сарпталышын камсыздайт.
  • Чекене соода үчүн атайын интерфейстердин кеңири тандоосу.
  • М.2 SSD маалыматтарды инновациялык сактоо технологиясы.
  • Бир эле учурда 3 дисплейге чейин колдонуу.

Процессор

  • Celeron N3160 / 4x 1.6 – 2.24 GHz (Braswell) процессору

Өлчөмдөрү (бийиктиги, туурасы, узундугу)

  • 185 мм x 265 мм x 77,5 мм

BEETLE/M-III - чекене бизнестин өзгөрүлүп жаткан талаптарына ылайыкташуу жөндөмүнө ээ, жогорку өндүрүмдүүлүктү айкалыштырган акыркы муундагы универсалдуу модулдук POS-система.

  • Intel (Braswell, Skylake/Kaby Lake или Coffee Lake) технологияларын колдонуу системанын жогорку жеткиликтүүлүгүн жана масштабдуулугун камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет.
  • Соода уюмунун суроо-талаптарына так жооп берүү үчүн процессорлордун кеңири тандоосу системанын ишин кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
  • Бир убакта 3 дисплейге чейин колдонуңуу.
  • Жогорку ылдамдыктагы эс тутумдун чоң көлөмү – 32 ГБ чейин.
  • Перифериялык жабдыктарды туташтыруу үчүн интерфейстердин кеңири алкагы.
  • Бекем конструкция.
  • Кошумча тынымсыз  кубат булагы үзгүлтүксүз иштөөнү камсыз кылат жана маалыматтын жоголушуна жол бербейт.

Процессор (комплектацияга жараша)

  • Celeron G3900 / 2x 2.8 GHz (Skylake)
  • Pentium G4400 / 2x 3.3 GHz (Skylake)
  • Core i3-6100 / 2x 3.7 GHz (Skylake)
  • Core i5-6500 / 4x 3.2 – 3.6 GHz (Skylake)
  • Core i3-7101E / 2x 3.9 GHz (Kaby Lake)
  • Core i5-7500 / 4x 3.4 – 3.8 GHz (Kaby Lake)

Өлчөмдөр (бийиктиги, туурасы, узундугу)

  • 312 мм x 366.5 мм x 103 мм
Биз суроолоруңузга чын дилибизден кубаныч менен жооп берүүгө даярбыз. Өкүлдөрүбүздүн бирине билдирүү калтырып коюңуз, биз Сиз менен тез арада байланышабыз.

Эмиль Мусаев

Чекене соода үчүн жабдыктарды сатуу бөлүмүнүн башчысы

Биздин долбоорлор