Интерактивдүү күркөлөр

Интерактивдүү күркөлөр – бул көп функционалдуу программалык жана аппараттык чечимдер, коомдук тамактануу жана чекене соода түйүндөрүндө буйрутмаларды кабыл алуу, жарнама, азыктар жана товарлар тууралуу маалымат берүү, билеттерди, лотерея билеттерин сатуу ж.б. төлөө үчүн колдонулушу мүмкүн. Чечимдер бизнестин суроо-талаптарына оңой ылайыкташып, кардарларды 24х7 режиминде тейлөөнү автоматташтырууга мүмкүнчүлүк берет.

Жабдыктар

K-two – мультитач функциясына ээ чоң сенсордук экраны бар чакан интерактивдүү күркө. Ар кандай комплектация соода уюмунун талаптарына мүмкүн болушунча так жооп бере турган жабдыкты тандап алууга, ал эми анча чоң эмес өлчөмдөрү жабдыкты орнотуу ордун тандоого кылдат мамиле кылууга мүмкүнчүлүк берет.

Сенсордук экрандын өлчөмү (комплектациядан көз каранды)

  • 22″ (16:9 форматы)
  • 27″ (16:9 форматы)
  • 32″ (16:9 форматы)

Максималдуу өлчөмү

  • 441 мм x 236 мм x 1874 мм

EASY eXpress – кардарларды тейлөөнүн жогорку ылдамдыгын камсыз кылуучу жана бизнестин суроо-талаптарына оңой ыңгайлануучу универсалдуу интерактивдүү күркө. Өзүн-өзү тейлөө режиминде да, консультанттын жардамы менен да колдонсо болот. Чакан кассалык аянты бар дүкөндөр үчүн атайын иштелип чыккан.

Сенсордук экрандын өлчөмү (комплектациядан көз каранды)

  • 15″ (4:3 форматы)
  • 19″ (4:3 форматы)
  • Колдонуучунун кошумча дисплейи 8’’, 12’’ же 15’’ (опционалдык)

Максималдуу өлчөмү

  • 115 мм x 440 мм x 690 мм
Биз суроолоруңузга чын дилибизден кубаныч менен жооп берүүгө даярбыз. Өкүлдөрүбүздүн бирине билдирүү калтырып коюңуз, биз Сиз менен тез арада байланышабыз.

Эмиль Мусаев

Чекене соода үчүн жабдыктарды сатуу бөлүмүнүн башчысы

Биздин долбоорлор