Антон Леонтьев

Антон Леонтьев

BS/2 Bishkek компаниясынын директору

Антон Леонтьев BS/2 Bishkek компаниясынын өнүгүү стратегиясын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, компаниянын операциялык башкаруусу, өнөктөштүк мамилелерди бекемдөө жана кардарларга көрсөтүлүүчү сервистик кызматтардын жогорку сапатын камсыз кылуу үчүн жооп берет.

Карьера

Антондун компаниядагы профессионалдык жолу 2011-жылдын 1-сентябрында башталган. Ал BS/2 компаниясына инженер кызмат ордуна келген. Ишке болгон системалуу мамилеси, техникалык экспертизасы жана лидерлик сапаттарынын аркасында ал компания ичинде туруктуу өнүгүп, карьералык жактан өсүп келген.

Эки жылдан кийин, 2013-жылдын 1-июнунда Антон Леонтьев техникалык колдоо бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалган. Бул кызматта ал сервистик процесстерди жана кардарлар менен өз ара иштешүү механизмдерин натыйжалуу уюштуруп, кызмат көрсөтүүнүн сапатына жана чечимдердин ыкчамдыгына өзгөчө көңүл бурган.

2025-жылдын 30-июлунда Антон Леонтьев BS/2 компаниясынын Кыргызстандагы туунду ишканасын жетектөөгө дайындалып, компаниянын рыноктогу өнүгүүсүн улантуу жана аны өлкөдөгү банктар жана финансы институттары үчүн ишенимдүү технологиялык өнөктөш катары бекемдөө багытында иш алып барууда.

Антон профессионалдык өсүш тынымсыз өнүгүү, ишке активдүү катышуу жана жыйынтык үчүн жоопкерчилик болмоюнча мүмкүн эмес деп эсептейт.

Бош убактысында ал үй-бүлөсү менен жаратылышта сейилдөөнү, велосипед менен активдүү саякаттоону жана музыка угуп эс алууну жактырат. Бул ага жашоодогу тең салмактуулукту сактоого жана жаңы жетишкендиктер үчүн энергия топтоого жардам берет.

Башкаруу философиясы

Антон үчүн башкаруунун негизги принциптеринин бири — адилеттүүлүк. Ал команда мүчөлөрүн жөн гана угуу эмес, алардын пикирине чындап көңүл буруу маанилүү деп эсептейт. Мындай мамиле ишенимге жана өз ара колдоого негизделген атмосфераны түзүүгө жардам берет. Анын ою боюнча, жамааттын биримдиги жана бири-бирине болгон урмат-сый компаниянын туруктуу өнүгүүсүнүн негизи болуп саналат.

Кардарлар менен иштөөдө Антон чынчылдык, деталдарга кылдат мамиле жана өнөктөштөрдүн милдеттерине чыныгы кызыгуу принциптерин карманат. Ал узак мөөнөттүү кызматташтык ишенимге жана жогорку кесипкөйлүккө негизделет деп ишенет.

«Аброюң жылдар бою майда-баракат менен топтолот, ал эми аны бир эле көз ирмемде жоготуп алуу мүмкүн».