Cash-In Box.iQ накталай акча депозитин оптималдаштыруу чечими

Cash-In Box.iQ – бул соода түйүндөрүндө, банк филиалдарында, почта бөлүмдөрүндө жана накталай төлөмдөрдү кабыл алган башка уюмдарда акча каражаттарын депозиттөө жана инкассациялоо процесстерин оптималдаштыруу үчүн комплекстүү программалык-аппараттык чечим. Cash-In Box.iQ Банктын IT-системасы менен интеграцияланган Cash-In Box 17 ишенимдүү автоматтык депозиттик машинасы жана мониторинг жүргүзүү жана ишти көзөмөлдөө каражаттарын сунуштаган жана жабдыкты башкаруу үчүн жооп берген, операицялардын (операциялардын) жүргүзүлүшүн камсыздаган атайын ПК болуп саналат.

Жабдыктар

Депозитке берилген каражаттардын дароо эсепке которулушу

Cash-In Box.iQ чечиминин жардамы менен салынган каражаттар эсепке автоматтык түрдө чегерилген деп эсептелет, бул аманатчыны накталай акчаны андан ары сактоо же ташуу менен байланышкан жоопкерчиликтен толугу менен бошотот. Ал ошондой эле дароо эсептешүү үчүн бул каражаттарды пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берет.

Аманатчыларды идентификациялоо үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр

Операциялык каталардын тобокелдигин азайтуу жана депозиттик операцияны бүтүрүү үчүн талап кылынган убакытты кыскартуу менен  бул чечим аманатчыны ар кандай жолдор менен идентификациялоого мүмкүнчүлүк берет (кардардын коду, жеке документтин номери, биометрикалык маалыматтар боюнча ж.б.).

Колдонуунун жеңилдиги жана ишенимдүүлүгү

Депозиттик машинада кайра эсептөө, валидациялоо жана эсепке акча каражаттарын салуу боюнча операцияларды оңой аткарууга мүмкүндүк берүүчү ыңгайлуу интуитивдик колдонуучу интерфейси бар. Мындай өзүн-өзү тейлөөчү жабдыктар менен иштөө тажрыйбасы жок жеке адамдар (жеке ишкерлер жана банктын башка кардарлары) акча каражаттарын салганда, бул өзгөчө маанилүү.

Акча каражаттарын салууда ийкемдүүлүк

Аманатчы кезектерден жана башка ыңгайсыздыктардан алыс болуу менен, депозит салуу үчүн эң ыңгайлуу жерди жана убакытты тандай алат. Сатуу түйүндөрүнүн өкүлдөрү касса күнүн жабуу графигин инкассациялоо кызматынын иштөө режимине ылайыкташтыруу зарылчылыгынан арылышат.

Акча каражаттарын сактоонун коопсуздугу

Аппарат купюраларды эсептөө жана валидациялоо үчүн ишенимдүү аспаптар менен жабдылган, бул жасалма акчаны кабыл алууну жокко чыгарат. Атайын механизмдер накталай акчаны сактоо жана инкассациялоо учурунда сакталышын камсыз кылат.

Кеңири  сыйымдуулук

Өзүн-өзү тейлөөчү жабдык 17000 купюрага чейин сактай алат, бул стандарттуу банкоматтардын жана электрондук кассирлердин сыйымдуулугунан кыйла жогору. Бул депозитти жасоону каалагандардын агымы чоң болсо дагы, инкассацияны пландаштырууга жана уюштурууга ийкемдүү мамиле жасоого мүмкүнчүлүк берет.

Мүмкүнчүлүктү жана функцияны чектөө

Чечимди колдонуунун коопсуздугу жана ыңгайлуулугу кирүү укуктарын башкаруу мүмкүнчүлүгү аркылуу ишке ашат. Системада бир нече жумуш орундары (оператор, инкассатор, администратор, кардар) каралган, алардын ар бири менен жеткиликтүү аракеттердин белгилүү бир топтому байланышкан.

Өркүндөтүлгөн мониторинг куралдары

Cash-In Box.iQ жабдыктардын техникалык абалын жана сакталган накталай акчанын деңгээлин алыстан көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн берет. Реалдуу убакыт режиминде кабарлоо системасы операторго акча каражаттарын сактоо боюнча көрсөтүлгөн чектөөгө  жеткендиги тууралуу маалымдайт.

Ыңгайлуу инкассация

Cash-In Box.iQ чечими инкассатордук кызматтын кызматкерин авторизациялоого жана коштомо документтерди автоматтык түрдө даярдоого мүмкүнчүлүк берет. Жабдыктын өзү сейфке ыңгайлуу кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат жана каражаттарды чыгарууну  абдан жеңилдетет.

Бизнес аналитика жана отчеттуулук

Cash-In Box.iQ техникалык жана финансылык бөлүктөрдөгү өзүн-өзү тейлөө жабдыктарынын  бүтүндөй тармагынын иши боюнча отчетторду түзүүгө, ошондой эле интеграцияланган бизнес-аналитика системаларына же АБСна маалыматты экспорттоого мүмкүнчүлүк берет.

  • Инкассатордук сумканын сыйымдуулугу – 15000ден 17000ге чейин банкнота.
  • Жүктөлүүчү бункердин сыйымдуулугу-500 банкнота.
  • Накталай акчаны кайтаруу модулунун сыйымдуулугу-300 банкнота.
  • Жокко чыгаруучу топтогучтун сыйымдуулугу-100 банкнота.
  • Накталай акчаны иштетүү ылдамдыгы мүнөтүнө 1500 банкнота.
  • Накталай акчаны иштетүү ылдамдыгын тууралоо мүмкүнчүлүгү секундасына 17ден 21ге чейин банкнота.
  • Валюталарды текшерүү-машинада окула турган 4 белги боюнча (сандарды, анын ичинде банкноталардын серияларын окуу).
  • «Аралаш» режиминде 10 валютаны кабыл алуу.
  • Накталай акчаны кайра эсептөө үчүн сумманы берүү мүмкүнчүлүгү (чыгаша операцияларын жүргүзүү үчүн колдонулат).
  • Колдонуучулук сенсордук экран 17″
  • Алдыңкы камера
  • Ар бир операция боюнча коштомо документтерди басып чыгаруу үчүн термопринтер.
Сиздин компания үчүн ылайыктуу өнүмдөрдү сунуштайбыз. «Биз менен байланышыңыз» баскычы аркылуу бизге билдирүү жибериңиз.

Кирилл Овсянников

Стратегиялык багыт боюнча директордун орун басары

Биздин долбоорлор